www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мамлекетинде көйгөйлөр былгып кетти. Мындан байлар жүдөгөн жок, байкуш карапайым жарандар жадады. Бир эле маселени козгоону туура таптык. Маселен гектарлап жерди өзүнө имерип алган ак жакалуулар азыр каерде дардаңдап отурушат.

Албетте, ак үйдө, өкмөттө, парламентте, министрликтерде, областтык, райондук кеңселерде чапанын желбегей жамынып, кембагалдарга чамынып, шайлоого камынып отурган кези. Аттиң, төрт сотых жерге зар болуп, же болбосо он жыл мурдагы куруп алган тамында квартирант болуп жашап, керектүү кагазын алалбай, нес болгондор миңдеп саналат. Экинчи “сорттогу” адамдардын көйгөйүн чечмек тургай келекелеп жампайып отурган эл өкүлдөрүнө көз карандылыктан качан кутулабыз? Ошол көзүн май баскандар эми кайсыл жылы жер маселесин эпке келтирип беришээр экен деген санаадан ким куткарат? Маселе чече албаган парламенттин кереги барбы? Теңчиликти мамлекеттин таянычы катары саналган эл күтүүдө. Минте беришсе аягы жакшы болбойт го…

Булак: "Ачык сөз"

 

 

Последние новости