www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку сот Алмазбек Атамбаевди 11 жылга соттоп, акыркы өкүмдү чыгарды. Бир жагынан бул көрүнүнш «келме кезек» дегендей элес жаратат. «Бумеранг» дечү беле? Убагында Садыр Жапаров да 11 жылга эркинен ажыратылган. Бул саам катуу жооп болуптур.
Бирок абактагы Атамбаев кесилгенине кабагым-кашым дебей, маанайы жогору экен. Ичинен күйүп жатса да сыр билгизбейт. Ал эми Сеид, Кадыр, Темирлан ж.б. жакындары эл чыгарууга акча таба алышпай, бушайманга батышканы ыраспы?
Бирок жашыруун түрдө бийликке каршы иштеп жатышат. Экс-президенттин салмактуу рейтингин пайдаланууга ашыгууда. Арты кандай аяктайт экен?..
23-мартта болсо, Атамбаев Кой-Таш коогаланы боюнча сотко мажбурланып алып келингени, машинадан түшпөй койгону коомчулукту дүрбөттү. Кар жаап жатса, ал футболкачан келиптир...
Булак: Азия News гезити