www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" бажысынын кызматкерлери Кыргызстанга аткезчилик жол менен тик учма алып кирген фактты аныкташты. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 3,5 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлайт.

Билдирмеге караганда, былтыр 17-августта Душанбе шаарынан "Ф.С.Э" ЖЧКсына Ми-8 жана МТВ-1 үлгүсүндөгү тик учмалар келген.

"ЕАЭБдин мыйзамына ылайык, биримдиктин аймагына товар алып кирүүдө бажы процедуралары каралган. Бирок бул тик учмаларды алып келүүдө бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. Товардын баасы 640 миң долларды түзөт. Мамлекетке 3 миллион 519 миң сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Бирдиктүү реестрде катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости