www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Атамбаев өзүнүнүн маегинде аны эч ким укпай жатканын айтып, учурдагы президент менен пикир келишпестикке да ушундай көрүнүш себеп болгонун айтып даттанды. Өзү президент болуп турганда өлкөнүн экономикасы артка кетип, мамлекет карызга батканын кеңеш бергенди жакшы көргөн экс-президент эсине албады. Өгөй балдары, өз балдары, кудалары, шоопурлары, жансакчылары, кампачылары менен чогулуп алып Кыргызстанды талкалаганын айтпады.

Чынында Атамбаевдин балдары бүгүнкү күнгө чейин элдин үстүнөн акча жеп, сүткорлуктун жеткен чегинде иш алып барууда. Маселен, АШАнын биринчи никесинен төрөлгөн Сейтек менен Сейит “Автомашэнерго” аттуу ишкана аркылуу миллиондорду сугунууда. Буга чейин Атамбаев өзү да муну моюнга алып, анын президент учурундагы эң “талылуу” маселеси ушул балдары экенин айткан. Бирок Атамбаев уялбай туруп “менин балам бул тармактан кетпейт” деп билдирген. 

Атамбаевдин мында жообу коомчулуктун кыжырын келтирген. Өз балдарын мамлекеттин байлыгын каалагандай калчатып, ал жактан кетпейт дегени өтө эле орой кабыл алынган. Атамбаевдин азыркы бийликти Бакиевдин жолуна түштү, үй-бүлөлүк башкарууну орнотту деп айтканга моралдык укугу жок. 
Атамбаевдин биринчи никесинен төрөлгөн уулу Сейит азыркы күнгө чейин электр энергиясын мамлекеттен 21 тыйындан алып, карапайым элге 1 сом 70 тыйын, 700 киловаттан көп колдонгондорго 2 сом 10 тыйындан сатууда. Муну менен АШАнын уулдары ай сайын эле миллиондорду сугунуп турат. 
Атамбаевдин “энергобарон” уулдары Кыргызстандын электр тармактарын өнүктүрүү, тармакка инвестиция салуу милдетин такыр унуткан. Система талканса талкалансын, бизге акча түшсө болду деген принцип менен иштөөдө. Негизи мындай бөлүштүрүүчү компаниялар жыл сайын тармакты өнүктүрүүгө, эскирген техникаларды жакшыртууга миллиондорду бөлүп турат. Мамлекеттин талабы да ушундай. Бирок, АШАнын ачкөз балдары мамлекеттин, элдин жонунан кыйыш тилип, максималдуу пайда көрүүнүн амалында. 
Атамбаев 2010-жылга чейин кандай пикирде эле? Анын оппозицияда жүргөндө бул боюнча позициясы кандай болгон? Биз ушул нерсеге көңүл буралы. 
Атамбаев 2010-жылга чейин оппозицияда жүргөндө электрдин баасы 6 тыйынга барабар экенин айтып, Курманбек Бакиевдин бийлиги көтөргөн 1,50 тыйын наркка катуу каршы чыккан. 2010-жылдагы митингдерде АША “бийликке келсем светтин баасын 70 тыйынга түшүрөм” деп ант берген. Ошол убадасы кана? Электрдин наркын түшүрбөй эле кайра 2 сомдон ашырып, Бакиевден өтүп кетти го. 

Атамбаев сындап жүргөн Ширшовдун схемасын бүгүнкү күндө анын уулдары Сеийт менен Сейтек татыктуу улантып жатканын эч ким тана албайт. 
Атамбаевдин балдары иштетип жаткан “Автомашэнерго” сыяктуу электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар Акаевдин учурунда светтин наркын түшүрүү максатында түзүлгөнүн эске сала кетели. Тилекке каршы, азыр мындай компаниялар элдин канын соруп жатат. “Автомашэнергонун” кирешеси АША президент болуп турганда кескин өскөнүн, бирок салык төлөөдө өзгөрүү болбогонун да айта кетели.

Ошентип учурда Ширшовдун схемасын Атамбаевдин балдары ийгиликтүү улантууда. Юстиция министрлинин маалыматы боюнча “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы “Кыргызавтомаш” ААКсынын базасында түптөлүп, аны Сейит Атамбаев жетектейт. Ал эми “Автомаш-Экол” ЖЧКсы Сейтек Атамбаевдин башкаруусунда. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы бир катар жер тилкелерине жана ири имараттарга ээлик кылат.
2011-жылдан тарта бул ишканалардын багы ачылып, Сейит менен Сейтек 1 кВт электр энергияны 21 тыйындан алып элге 2 сом 10 тыйынга чейин сата баштаган. 2016-жылдын күз айларында Атамбаевдин балдары Кыргызстан өндүргөн электрди Өзбекстан менен Казакстанга 1 сом 60 тыйындан саткан. Ошол учурда булар жүздөгөн миллиондорду тапкан. Тилекке каршы, кышында Кыргызстанда энергия тартыштыгы жаралып, Казакстандан 1 кВт электр энергиясын 5 сом 60 тыйындан сатып алганбыз. Эгер Атамбаевдин балдары күз айларында сууну ыксыз коротуп, керт башын ойлобогондо Кыргызстан жарыксыз калып, казактарга жалдырабайт эле. АШАнын балдарынын бул аракети Максим Бакиевден эмнеси кем?

Бүгүнкү күндө “Автомаш-Энерго” менен “Автомаш-Экол” Кыргызстандын электр тармагын мыкчып кармап турат. Күн сайын АШАнын балдарынын чөнтөгүнө элдин жонунан кайыш тилген миллиондор агылууда. Мындай акыйкатсыздыкты токтоту турган учур келди.

Булак: "Чыркыраган чындык"

Последние новости