www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноябрь айында социалдык тармактарда “Северэлектро” ААК электр куроочусунун ММА мушкери Конор Макгрегордун басканын туураган видеосу кызуу талкууга алынган. Видеодо ал куроочулардын лазысын кийип алып, электр чубалгынын тирөөчүнө мушкердин басканын туурап чыккан. Аны менен бирге энергетик техникалык коопсуздук эрежелерин бузган: куроочунун сактоочу курун илбей жана касканын ээкке тагынуучу коргоо боосун бекитпей аба чубалгынын тирөөчүнүн мамычасына көтөрүлгөн. Мындай техникалык коопсуздук эрежелерин тоготпогондук окуянын кайгылуу аякташына алып келиши мүмкүн болчу.

Эске салсак, “Северэлектро” ААК техникалык коопсуздук эрежелерин бузган Батыш райондук электр тармактарынын электр куроочусу Адилет Асанбековго тартип жазасын колдонуп жана акционердик коомдун борбордук комиссиясынан Электр жабдууларын иштетүүдөгү техникалык коопсуздук эрежелери боюнча билимин текшерүүдөн кезексиз өтүүсүн талап кылган.

Бейшемби күнү, 22-ноябрда, Адилет “Северэлектро” ААКнын борбордук комиссиясынан техникалык коопсуздук эрежелери боюнча компьютердик тесттен жана оозеки текшерүүдөн ийгиликтүү өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости