www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту айыпталуучу Айтурганга (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш ишке байланыштуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат деп жазып чыкты "Турмуш" басылмасы. 

Райондук сот Айтурганды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан болчу. 

Кылмыштын себеби 

Айтурган 2018-жылдын 9-июлунда саат 09:30 чамасында Бейшеналиева менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жарандык никедеги күйөөсү Ыманалы (ысымы өзгөртүлдү) менен жолугушкан. Ал жерден экөөнүн ортосунда уруш чыгып, Ыманалыга бычак сайгандан кийин уксус кислотасын чачып жиберген. 

Айыпталуучу эмне дейт? Ыманалы менен жарандык никеде 2017-жылдан бери бирге жашайт. Анын башка аялы бар экенин билип калган. Ошондой эле Атурган күйөөсү буга чейин ага кол көтөрүп келгенин айткан. 

Айтурган менен Ыманалы 8-июлда телефон аркылуу байланышып, анда дагы урушушкан. Күйөөсү телефон аркылуу коркуткандыктан жолугушууга бара жатканда өзүн коргоо максатында бычак жана уксус кислотасын жанына алганын айткан. 

Жолугушканда алар кайрадан урушуп, күйөөсү аны унаага күч менен отургузган. Ошол учурда ага бычак шилтеп, уксусту өзү ичүүгө аракет кылган. Бирок күйөөсү колго чаап жиберип, уксус чачылып кеткен. 

Жабырлануучу эмне дейт? Башка аялы бар экенин жарандык никеде жашап жүргөн Айтурган билип калган. Ал эми Бейшеналиева менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жолукканда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, Айтурган ага бычак сайып, андан кийин уксус чачып жиберген. Учурда ага доосу жок. 

Экспертизанын корутундусунда жабырлануучу бычактан көкүрөк тарабына жаракат алып, моюну уксуска күйгөнү айтылган. 

Жыйынтыгында Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости