www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сурактагы суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан Атамбаев “талкан сугунма” ыкмасына өтүп алды. Мындай ашыкча сүйлөбөгөн кардары менен анын жактоочусу Сергей Слесарев сыймыктанып дагы алды.

Маалыматка караганда, Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган мурунку президент Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөрдун суроолоруна жооп берген эмес.

Бир кездери сурагы жок эле, саясаттын шорпосун тили менен кайнаткан экс-ажонун “балп” этмеси, айткан кептери аңыз болуп айтылып кетчү. Эми ошол тилин тиштеп кантип чыдап жатат болду экен. Көнгөн адат буулуктуруп чыкчу эле, бир күнү жарылып жанындагыларын сасытпаса эле болгону.

Эске сала кетсек, өлкөдө популярдуулугу баштагыдай эмес, бирок али аягына чыга элек Батукаев темасы боюнча экс-президент баш болгон мурдагы 19 чиновниктин сурагы бүткөн. Алгачкы сот отуруму 11-октябрда болору айтылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости