www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-июнда КСДП партиясы “Коррупция менен реалдуу күрөш!” деген аталыштагы митингин өткөрдү. “Форумга” чогулгандар өтө көп болгон жок. Митинг “отуруу” форматында өттү. Сахнанын ролун аткарган тепкичтин айланасына, жанына отургучтар коюлуп, ал жакка митингчилер отурушту. Партиянын активисттери, Атамбаевдин камактагы жакын адамдарынын туугандары жана алардын жактоочулары сөз сүйлөштү. Атамбаев эң акырында чыгып, эки тилде 40 мүнөткө жакын сүйлөдү. Бул тууралуу Elgezit.kg маалымат агенттиги жазып чыкты. 

Экс-президенттин сөздөрүн талдоо:

· “Эки ай мурун митинг болгон жана биз президент кандайдыр бир чараларды көрөт деп ойлогонбуз. Бирок андай болгон жок. Буга Дамир Мусакеевди коррупцияга күнөөлөп, мыйзамсыз байыган деп камаганы мисал”.

Атамбаев коомчулуктун башын айландырып жатат. Дамир Мусакеев коррупцияга шектелип же мыйзамсыз байыды деп эмес, “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен камалган. 2016-2017-жылдары УКМКнын 9-башкармалыгынын башчысы болуп турган маалда Мусакеев кызматтык үйлөрдү бөлүштүрүү менен алек болгон. Натыйжада мекеменин кызматкерлери – кезекте турган биринчи 18 кызматкер батир албай калышкан. Мусакеев аркылуу батир алгандардын арасында экинчи жолу үйлүү болгондор да болсо, айрымдары 9-башкармалыктан иштен кеткендер болгон.

· “Жээнбеков тойлордо ар кандай Келдибеков, Матраимов сыяктуу мульти-миллионерлер менен майрамдап, “жууп жүргөнүн” көрүп жатабыз.

Атамбаев 2018-жылдын 28-сентябрында “Ала-Тоо” ресторанында өткөн Ахмат Келдибековдун баласы Бекболоттун тою тууралуу айтты окшойт. Ал жакка Райымбек Матраимовдун барганы чын жана ал жаштардын өкүл атасы болгон. Кыргызстандын саясий элитасынан көптөгөн саясатчылар барган, бирок коноктордун арасында Жээнбековдор жок болчу.

Асылбек Жээнбеков жана Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева КСДПдан депутат Төрөбай Зулпукаровдун кызынын кыз узатуу тоюна барышкан. Алардан сырткары майрамга Жогорку Кеңештин Төрагасы, премьер-министр жана парламенттик фракциялардын лидерлер катышышкан. Бирок Зулпукаровдун тоюна Райымбек Матраимов барган эмес. Ал чакырылган дагы эмес. Жыйынтык: Атамбаев баарын жалпылап бир той катары айткан.

· “Жээнбековчулар мени Жээнбековго иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат деп күнөөлөп жатышат. Бийликте калгым келсе 2016-жылдагы референдум учурунда эле өзгөртүү киргизип, бийликтен кетпей коет болчумун. Эл мени колдомок. Негизи идея башкача болчу. Гүлнур Төралиева (экс-премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси, медиаэксперт) белгилегендей, жаңы өкмөт, жаш, 39 жаштагы премьер-министр болмок. Пашинянга жана Зеленскийге чейин. Жана аксакал президент болмок. Ал жөн гана жардам берип турмак. Ушундай сүйлөшүү болгон. Парламенттик республика”.

Бул сөздөрү менен Атамбаев президент болуп турган маалда чечимдер анын жакындары менен бирге, ачык эмес, тар чөйрөдө кабыл алынганын тастыктап койду. Башкаруу формасы тууралуу чечимдер ушундай жол менен кабыл алынчу экен. Парламенттик же президенттик башкаруудагы өлкөдө жашоону саясий элита менен президент чече албайт, муну референдум учурунда эл чечет. Мындан сырткары, Атамбаев Сапар Исаковдун премьер болуп туруусун президенттиктен кеткенден кийин да колдогону ачык билинип калды. Исаковду Пашинян жана Зеленский менен салыштыруу дагы туура эмес болду. Алар бийликке такыр башка жол менен келишти.

· “Мен адамдарды өзүмдөй ойлоп жаңылышыптырмын. Алар мендей эле чынчыл экен, сөздөрүнө турат деп ойлогом. Алар болсо тескерисинче экен. Эн биринчилерден болуп Сапар Исаковду камашты. Кулматов менен чогу бир күндө. Эмнеге бир күндө? Алардын бир гана күнөөсү бар. Алар Райым миллионду кызматтан алышып, бажыны Матраимовдун, Жээнбековдун кадрларынан тазалап жатышкан”.

Калп. Райым — миллион Атамбаевге коррупция үчүн майда тыйын болуп калган жок. Атамбаев эмнеге Райымдан кутула албай жатканы тууралуу бир нече версия бар. Алардын биринин дагы коррупцияга тиешеси жок.

· “Дагы мен тууралуу эмне деп кыйкырып жатышканын билесиңерби, баардык нерсеге мурдагы бийликти күнөөлөп, Сооронбай Жээнбековду “аппак” кылып көрсөтүп жатышат. Сооронбай Жээнбеков Атамбаев президент болуп турганда колхоздо зоотехник болуп иштеди беле? 2011-жылдын 1-декабрынан тарта мен президент кызматына киришкем, декабрь айында Асылбек Жээнбеков парламенттин төрагасы болуп шайланды. Парламенттин төрагасы деген рангдар боюнча мамлекеттик табелде экинчи адам. Бул чимкирик эмес, башка парламент болчу. Сооронбай Жээнбеков ким эле? Ал 2010-жылдан баштап Оштун губернатору болгон, ал жакта Кыргызстандагы эң чоң бажы өткөрүү пункту бар, Кыргызстан менен Кытайдын өткөрүү пункту. Ал парламенттин төрагасынын байкеси болчу жана президент Атамбаевдин досу, бул кадрларга таасир этпейт бекен? Булар башка адамдар – булар оозун ачып Жээнбеков досун угуп жүргөн Атамбаев эмес. Мурдагы бийлик начар болчу дегендерге таң калам. Жээнбековдор кайда жүрүштү эле?”

Атамбаев “стрелканы бургусу” келүүдө. Бул анын пиар-стратегиясындагы жаңы нерсе. Экс-президент коомчулуктун көңүлүн ал алсыз президент болгонуна, өлкөдөгү баардык нерсени көзөмөлдөбөгөнүнө ишендирип, жоопкерчиликти башкалардын мойнуна илгени жатат. Мындан сырткары, Атамбаев өлкө башчысы болуп турганда Жээнбековдор аны өз максаттарына колдонгонун билдиргени жатат. Буга Кыргызстандагы саясат менен иши жоктор гана ишениши мүмкүн. Анын үстүнө Атамбаевди билгендер буга ишенбейт. Себеби чечимдердин баары Ак үйдүн 7-кабатында кабыл алынчу. Парламент төрагасы албетте кооз жана ардактуу угулат. Бирок чыныгы бийлик президентте жана анын жакындарында болот, төрагада эмес. Бул губернаторго дагы тиешелүү. Жээнбековдор түштүктөгү бажыны Атамбаевдин башынан аттап өз алдынча башкаргандарына, кадр маселелерин чечип, “агылып келген акчаларды өз ара бөлүшкөнүнө” ишенүү кыйын.

Буга далил катары Атамбаев менен Бекназаровдун 2010-жылдагы революциядан кийинки телефон аркылуу сүйлөшүүсүн келтирсек болот. Анда Бекназаров Атамбаевге 400 миң доллар пара алып түштүктөгү бажыга өз кишисин койгонуна нааразычылыгын билдирген. Кеп Райым Матраимов тууралуу болгон. Баса, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун каалоосуна каршы болгону да телефондогу сүйлөшүүдө айтылат. Райымбек Матраимов түштүктө иштеп, кийин 2017-жылдын күзүнө чейин Бишкекке которулган. Буга Атамбаев менен Сапар Исаковдун эч кандай тиешеси жок болуп эле, Матраимов жөн жерден эле коррупционер болуп калабы. Баса, дагы бир суроо бар, эгерде Атамбаевдин сөзү чын болсо анда эмнеге Матраимовго каршы кылмыш ишин ачпай, аны кызматтан эле кетирип коюшту?

· “Өлкөдө жолдор, свет, акча жок болчу. Ош менен Жалал-Абад өрттөнүп кеткен. Мугалимдердин маянасы 2000 сом болгон, милициялар дагы 2000 сом эле айлык алышчу”.

Калп. Өлкөдө жол дагы, акча дагы бар болчу. Ал эми мугалимдер менен врачтардын айлыгы Акаевдин доорунан бери эле 2000 сом эмес. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2011-жылы мугалимдердин орточо айлыгы 8000, ал эми врачтардыкы 6000 сом болгон.

· “Мен Кубанычбек Кулматовду бажынын төрагасы кылгам жана бажыдагы төлөмдөрдү чогултуу үч эсеге көбөйгөн. Бажы бюджеттин 40% толтуруп баштаган. КМШнын бир дагы өлкөсүндө мындай көрсөткүч жок”.

Анан дагы бир дагы өлкөнүн бажы статистикасында мындай айырмачылык жок, мисалы, Кытай менен Кыргызстандын, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бажы маалыматы боюнча. Баардык маалыматтар ачык булактарда бар, Эл аралык соода борборунун (ITC) сайтына баш багуу гана жетиштүү. Ачыгын айтканда товарлардын аткезчилиги боюнча Атамбаев Акаев менен Бакиевди басып өттү. Башкача айтканда, Атамбаевдин учурунда бажыдагы уурулук алда канча көп болгон. Сөзүбүз куру болбошу үчүн Кытай жана Түркия менен болгон бажы статистикасындагы айырмачылыктарды жаза кетели. Атамбаев башкарып турган маалда Кытай маалыматындагы айырмачылык 22 881 млн. доллар болсо, Түркия менен айырмачылык 1046 млн. долларды түзгөн. Баи5кевдин убагында бул сумма 19 036 жана 446 болгон.

· “Канча каражат уурдалып жатканын шайлоодон кийин билдим. Жээнбеков 24 миллион доллар накталай акча алып келгенде шок болуп калдым. Баары мага айткандан коркушуптур. Менин эң жакын досумдан коркушуптур”.

Жээнбеков шайлоо кампаниясында кошкон акчалар тууралуу Атамбаевдин айткандары чынбы же калппы билбейбиз. Бирок эгер бул экс-президенттин фантазиясы эмес, факт болсо анда ал эмнеге бул маалыматты эми айтып жатат, Жээнбековду президенттикке “түртүп” жатканда ачыктаган жок деген суроо туулат. Эмне себептен ошол маалда эле укук коргоо органдарына кайрылып, бул акчалар кайдан келгенин иликтеткен эмес?

· “Мен Оштогу бажыда эмне болуп жатканын, Райым-миллион кандай иштерди жасап жатканын билген эмесмин десем ишенишпейт. Мен чынчыл адам катары, президент катары өзүмдүн кызматтарыма ишенгем.

Алты жылда бир да жолу мага айтышпаптыр. Райым-миллион тууралуу, Жээнбеков тууралуу эч үн катышкан эмес”.

Белгилүү орус театр режиссеру Константин Станиславский айткандай “Ишенбейм!”. Өлкөдө эмне болуп жатканын билүү үчүн президент расмий маалымат күтүп отура берүүсү шарт эмес. Кыргызстандын бажысындагы аткезчилик тууралуу баары эле билишет (анын ичинде ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр дагы), бирок Атамбаев билбептир…

Сonclusion.

Атамбаев ар бир сүйлөгөн сайын Жээнбековдун дарегине айтылган сындар көбөйүп жатат. Балким бул Жээнбеков Атамбаевдин сөзүн укпай койгондуктан. Кандай болгон күндө дагы Атамбаев айткан маалыматтар боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүшү керек, ал эми Башкы прокуратура азыркы президенттин аброюн коргоону баштоосу зарыл.

Атамбаев медиа жана пиар стратегиясын өзгөрттү. Лидер образын команданын мүчөсү образына алмаштырды. Досторунун таасиринде калган, аларга ишенген ишенчээк адам катары өзүн көрсөтүүдө. Жаңы тренд – Жээнбековдор өлкөдөгү менден кийинки эле адамдар болгон. Алар көп нерсени чечишчү. Баарын. Ал эми мен эч нерсе билген эмесмин.

Эми Атамбаев анын башкаруусу учурунда коррупция, аткезчилик ж.б. болгонун танбай калды. Бирок эч нерсе билбегенин айтууда. Атайын кызматтар катачылык кетиришиптир – өз убагында маалымат беришпептир, ал эми достору болсо анын ишеничинен пайдаланышыптыр.

КСДП уюштурган, эл аз келген митинг Атамбаевдин “кетип жаткан натура” экенинен кабар берет деп айтса болобу? Жок. Себеби Атамбаев – саясатчы – каталарын үстүртөн жайкаган популист. Ошондуктан экс-президенттин тарапташтарынын аз экени, коомчулуктун Атамбаев сыяктуу саясатчылардан тажаганы Жээнбековдорду тынчтандырышы мүмкүн. Бирок чындыгындай азыр жай алып отуруп калчу убак эмес. Атамбаев дагы көпкө чейин өлкөдөгү туруксуздуктун фактору болуп кала берет. Ал эми анын популярдуулугу элдин Жээнбековго болгон ишениминен көз каранды болот. Бирок Жээнбековдор маалыматтык талаада ыкчам жана мобилдүү болуп каларына күмөнүбүз бар. Ошондуктан парламенттик шайлоого жакын “килем алдындагы мушташтан” улам дагы бир саясий “жылдыз” пайда болушу ыктымал. Балким ал адам саясаттан убактылуу четтеген киши болушу мүмкүн. Бирок ал Бабанов эмес, себеби ал өзүн дискредитация кылып койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости