www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмне десек да КСДП кризистик абалга кептелди. “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймылдын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов жакында Бишкекте республикалык деңгээлдеги партиянын кезексиз жыйынын өткөрүп, аталышындагы ураанды кабыл алабыз деп чамынып жатат.
Бирок, Атамбаевчилер баары эле ал каалагандай болбосун эскертип кетишкенсиди. Аталган кыймылдын башчысы Сагынбек Абдрахманов “булар жер тепкилесе да ошол жыйынды өткөрүп, партиядан Атамбаевди чыгарабыз” деген ниетинен кайта элек.
Албетте, Атамбаев да Сагынбек Абдырахмановго партиясын жөн эле берип койчулардан эмес. Атамбаевдин күчүн мүмкүнчүлүгүн алдыдагы эки сокку аныктайт.
Бири “шайлоо кассасындагы” күмөндүү маалыматтарды далилдөө. Экинчиси Сагынбек Абрахмановго каршы күрөшкө туруштук берүү. Атамбаевчилер “шайлоо кассасын” далилдей албаса, элди дүрбөткөн бирок, майнап чыгара албаган арзан пиар болуп калат. Далилдешсе, таасири күчөйт.
Бирок, баштагыдай таасирин көрсөтүүгө аракет кылып, Иса Өмүркуловду партиядан чыгарганы менен фракция башчылыгынан алып түшө алган жок. Ушул жагын эске алганда Атамбаев мокоп бараткандай таасир калтырат...
Булак: NazarNews.kg