www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды. Маселе анын кармалыганында эмес, мамлекетке зыян келтирген ишти жалгыз кылбаганында. Башкача айтканда, ал өзүнүн жардамчылары менен кошо эл аралык топ түзгөн дешет анын ишин жакшы билгендер. Чынында ал зыян келтирди деген 166 миллион сом деген алар үчүн анчалык деле чоң каражат эмес.
Адамкул Жунусовдун ишин кылдаттык менен иликтесе мамлекетке мындан да көп зыян келтиргени аныкталаары айтылууда. Бирок, Бажыдагы коррупция Жунусовду камакка алуу менен эле токтоп калбайт. Ал жактагы коррупцияны жоюш үчүн коррупциялык схемаларды жоюп, мурунку президенттин капчыгына айлангандарды да камап, кустуруш керек.
Торугартты Адамкул Жунусов көзөмөлдөгөн экен. Ошон үчүн бажычылар Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кирип жатса керек.
Булак: NazarNews.kg