www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Байлыгымды текшергиниң! Мына документтер. Баары мыйзам чегинде болгон. Мен Түркиядагы ишканамды сатып, тээ илгери эле 35 млн доллар пайда көргөм” деп Атамбаев президент кезинде башкы прокурор болуп турган Индираны өзүнө чакырып, колуна папка карматпады беле. Атамбаевдин ошол айткандары карандай калп экенин Байсалов далилдеп салган.
Эми мурунку президенттин байлыгын УКМК текшерип баштаган соң, Атамбаев президент башы менен Индиранын колуна тапшырган папка жер жутуп кеткендей эч жерден табылбай жатыптыр. Жолдубаева колуна тийген папкени каттоого дагы алдырбаптыр. УКМКнын кызматкерлери Индираны суракка чакыралы десе, ал дагы кайда экенин таптырбай жүргөнү кызык болууда.
Президент берген папкени кызмат абалынан пайдаланып, түп орду менен жок кылган Жолдубаеванын жоругуна ачууланган УКМК кызматкерлери, сулууну суракка алып келип, сурай турган соболдор көбөйүп кетти, башка иштерди баштабай эле, Атамбаевдин байлыгы боюнча сураганда эле суй жыгылат деп олтурушат.
Булак: “Жаңы ордо”