www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатып, саясатка таасир эткиси келип жатканын эч ким тана албайт. Ал киши "жатып өлгүчө, атып өл" деген принципти кармангандай болуп, азыркы бийлик менен акыр аягына чейин кармаша турганын көрсөтүүдө. Тергөөнүн суроолоруна жооп бермек түгүл, ызы-чуу салган Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесске баруудан баш тартып, керек болсо ачкачылык жарыялайм, колуңардан эч нерсе келбейт дегендей коркутуу ыкмасына өтүп албадыбы. Анын тандап алган тактикасы тууралуу көп сөз кылса болот. Анын соттук процесске барбай койгону, темир тор артында олтурган шакирттерине дагы жукту.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБинин ызы-чуусун териштирген соттук отурумга баруудан баш тартып койду. Исаков бул аракетти өз демилгеси менен жасадыбы? Атамбаев тараптан команда болгондон кийин ушул кадамга барган болсо, алардын көздөгенү не? Бийликти кошо ала жатабыз деген кылыгы эмеспи? Устат менен шакирт ачкачылык жарыялап, ден-соолугу начарласа, коомчулукка жар салып, абалды курчутабыз деген планы эмеспи? Эгер биз бир нерсе болсок, бийлик жооп берет деп, бүгүнкүлөрге көө жапкысы келип жаткан жокпу? Бүгүн Атамбаевдин карманган позициясын Сапар Исаков колдосо, кийинки кезек кимде? Тобу менен абакта жаткан мурунку бийликтин командасы толугу менен коркутуу ыкмасын тандашабы? Бийлик алсыздыгын көрсөтпөй, алкымы бузук экенин далилдеп, элге кимдин-ким экенин көрсөтүшү керек,- деп "Жаңы Ордо" гезити жазып чыкты.

Последние новости