www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз ырчыларынан эң алгачкы болуп Кремлде  жеке концерт берген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын 23-октябрда Москва шаарындагы Кремль сарайында өткөргөн жеке концерти жогорку деңгээлде аншлаг менен ийгиликтүү өттү. Концерт  тууралуу ырчы менен маек курдук. 

- Саламатсызбы! Кремлде дүңгүрөтүп жеке концерт койдуңуз? Концерт  кандай өттү?

- Саламатсыздарбы, "Nazarnews" маалымат агентигинин жалпы жамааты! Концерттен кийин акыбыл сурап, жакшы маалымат менен  элге бөлүшөлү дегениңиздерге рахмат! Кремлдеги концерт жакшы өттү. Мисалы,  биз мекенибизде  гимн ырдалса же башка көп нерсеге маани бере бербейбиз да,  бөтөн элде жүргөндө баркын билет экенсиң. Гимн ырдалганда мен эле эмес, 6 миңден ашык адам ордунан туруп ыйлап, мени менен кошо ырдап жатканын көрүп, өзүмдүн үнүм калтырап турду. Алардын көздөрүнөн аккан жаш мекенге болгон сагыныч, кусалык экени көрүнүп турду, аларды карап   абдан толкундандым. 
Алты айдан бери даярданып жүрүп өткөрдүк. Кремлде концерт берүү деле оңойго турган жок. Абдан жакшы болду, сүйүнүп турабыз. Негизинен Кыргызстандын баркын билдим десем болот, чындыгында бул жакта талаптар ушунчалык катуу экен. 

- Кыргызстанда койгон концерт менен Москвадагы койгон концерттин айырмачылыктары жана өзгөчөлүктөрүн айтып берсеңиз?

-Көрүүчүнүн айырмасы болбойт, Кыргызстанда, Америкада, Москвада концерт көрөбү, көрүүчүгө ошол ырчынын таланты жакса баары колдоп беришет деп ойлойм. Ошондуктан биз мекенибиздин кадырын билип, баркташыбыз керек. Бизде жакшы шарттар түзүлгөн.

-Башка дагы коңшу өлкөлөргө жеке концерт коём деген оюңуз барбы?

-Албетте, бар. Аздыр-көптүр Кыргызстанда таанылдым, эми алдыга аракет кылышым керек деп ойлойм. Өзүңүздөр билесиздер, быйыл жайында  Ташкентте өткөн   концертим  да супер аншлаг менен аябай жакшы өткөн. Биздин кыргызстандык ар бир артисттин кыялы болгон, дүйнө элдери суктанган  Алла Пугачева, Филипп Киркоров ж.б.  атактуу ырчылардын  Кремль сарайында концерт бергенин көрүп абдан кыялданып, мен дагы Кремлде концерт берейин деп тиленчүмүн. Бардык нерсени жакшы ойлосоң,  жакшы болот экен.  Концерт берем деп сайтка афишаны бергенде деле эч ким ишенген эмес, эми сен акча берип койдуң да деп, бирок анын артында канчалаган кыйынчылыктар турганын  жон терибиз менен сездик. Элимдин  алдында жакшы өткөрүп алуу мойнумда жүк болуп турду.  
Концерттин соңунда Кремлдин жамааты буга чейин биз сени билген эмеспиз, абдан талантуу кыз экенсин, азаматсың, мындан кийин Кремлдеги чоң мамлекеттик концерттерге сени чакырып турабыз деп куттукташты.

-Италиялык ырчы Ингрид Альберини менен ырдадыңыз, дагы башка чет элдик ырчылар менен бирге сахнага чыгуу ниетиңиз барбы?

-Ингрид Италияга кел деп чакырып, кыргыз эли кыйын эл экенсиңер деп, каалоо-тилегин айтты. Абдан жөнөкөй, шаңдуу адам экен. Кыргызстанга чакырсаңар барам деди. 
Башка чет элдик ырчылар менен сахнага чыгуу ниетим бар, баардык нерсени болобу-болбойбу жасап көрүш керек, жакшы болсо, бул сенин ийгилигиң, болбосо сага сабак болот. Эл эмне дейт деп олтура бергенде, бирөө келип сенин казаныңа аш салып бербейт. Тынымсыз аракеттенүүнүн артында сөзсүз ийгилик турат. 
-Концертте башка тилдерде да ырдадыңыз, бир нече чет тилде ырдоо кыйынчылык туудурган жокпу?

-Башка тилдерде ырдаган жагат, анткени “канча тил билсең, ошончо адамсың” дейт. Ошончо ырды жаттоо оңой болгон жок. Французча ырыбыз ырдалбай калды, себеби, убактыбыз бүтүп калды, дагы бир аз убакыт өткөндө, көп суммадагы айып пул төлөп калмакпыз. Ошондуктан дагы бир ырыбызды алып салууга туура келди. Буйруса аны да жакында чыгарам. Дүйнөдө канча улут бар, бир кичинекей кыргыз кызы көп тилдерде ырдап, Кыргызстанды башка  элдерге таанытсам, деген ойдомун. Ингридге да кыргызча эки-үч күндө “мен сени сүйөм”, “саламатсыздарбы”, “чоң рахмат” деген сөздөрдү үйрөттүм, бул да мен үчүн чоң сыймык болду. 
-Ибрагим Жунусовдун "Эламан" аттуу ыры жаңырганда элдер сахнаны каптап кетишти. Бул тууралуу кандай комментарий бере аласыз?

-Ибрагим Жунусов агамдын чынында эл сүйгөн, элдик адам экенине дагы бир жолу таң калдым, “балам-балам” деп баштаганда элдин баары коштоп ырдап жатты. Агабызга дагы ушундай далай ырларды жаратсын, өмүрү узун болсун демекчимин. Мага дайыма кеңештерин берип, “Эламан” ырын ырдаганга уруксат бергенине ыраазычылык билдирем.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости