www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атуул Азимбек Бекназаровдун кыргыз элине жана Президент Садыр Жапаровго Кайрылуусу!

«РЕВОЛЮЦИЯ ӨЗ БАЛДАРЫН ӨЗҮ ЖЕЙТ»

(Уландысы)

3. Элдик курултай жөн эле жыйын эмес, ал конституциялык мыйзам менен аныкталган өзгөчө коомдук жана мамлекеттик мааниси бар маселелер каралуучу улуттук (элдик) жыйын...

Конституциялык Кеңешменин иштеп чыккан долбоорунда (7-берене) Элдик Курултай институту каралып, ал жөн гана «коомдук өкүлчүлүктүү жыйын» - деп аныкталыптыр. Нечендеген кылымдар бою жоокер-көчмөн элдеринин демократиясынын туу чокусу болгон элдик курултай институту, көчмөн-жоокер элдин өзөгүн түзгөн кыргыздардын улуттук демократиясынын туу чокусу катары өзгөчө улуттук жыйын статусу берилген улуттук (элдик) жыйын болууга ылайыктуу. Акаевдин доорундагы Эл өкүлдөр жыйынынын ролун да кайталабашы керек. Элдик Курултай институту бир дагы мамлекеттик бийлик бутагына кирбеген, турбаган, баарынан жогору туруп, улуттук демократияны чагылдырган, негизинен жылына бир жолу чогулуп, эл тарабынан шайланган президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишине баа берип, же кайсы бир жалпы элге, мамлекетке тиешеси бар.

Мисалы: «Кумтөр» сыяктуу маселени бийликтин алдына коюп туруучу, элдик контролдук функцияны аткарган жыйын. Элдик Курултай орус тилине да Собрания болуп которулбашы керек. Анда уят эле болобуз. Курултай институту жаны Конституциянын жок эле дегенде 5-6 беренесинде бири-бирин толуктаган, тактаган маанилерде шайкеш көрсөтүлүшү талап кылынат. Ошондо гана курултайдын толук маанисин анын каршылары эле эмес, колдоочулары өздөрү да толук түшүнөт.

Мисалы: азыркы Конституцияда (2-б. 2-п.) «Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда... жүзөгө ашырат» - деген ченем бар. Ушул жерге «элдик курултайларда» деген сөздөрдү кошуу керек.

Анткени, элдик курултайлар аркылуу элибиз өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана коомдук маселелерди карап, бийлик алдына коюуга укуктуу болгону жатпайбы. Андан соң референдум менен шайлоолорго өзүнчө пункт менен түшүндүрмө берилгендей эле элдик курултайга да атайын берене менен аныктама берүү керек. Долбоордогу аныктаманы дагы кошумча редакциялоо керек. Элдик курултай өткөрүү негизинен бул жарандардын укугу экенин, жарандардын укугу камтылган бөлүмгө бекитилиши (азыркы Конституциянын 52-беренесиндегидей), элдик курултайдын бийликтин дүжүр жыйыны эместигин тастыктайт.

Мындан сырткары, эл тарабынан шайлануучу Президент, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же алардын кызмат адамдарынын өзүн шайлаган эл алдындагы отчёттуулугун элдик курултайлар аркылуу ишке ашырылуусу кепилденген ченемдер тийиштүү беренелерде бекитилиши керек деп ойлойм. Мисалы: «КР нын президенти ар жылдык аткарган иш аракеттери боюнча, жыл сайын элдик курултайда элге отчёт берет» деген ченем Президент жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлөт. Ошондо гана элдик курултай институту гармониялык түрдө толук улуттук демократиянын туу чокусу экени билинет. Болбосо бир митинг сыяктуу, болгон айырмасы бийлик түзгөн коомдук өкүлчүлүктүн жыйыны болуп кала берет.

4. Алгач чыгарган беш жарлыгыңызды окудум... Элчилдик, мекенчилдик, улуттук идеологиянын үрөндөрү бар экен. Ушундай улуттук кайра жаралуу багытындагы баалуулуктун үрөөндөрү Конституциянын беренелерине да себилишин колго алууңузду өтүнөмүн.

Мисалы:

а) 30 жыл бою айрым эл аралык уюмдардын лоббиси менен же болбогон гранттар үчүн, же аларга жакшы көрүнүү үчүн эле Конституциябызга дембе-дем киргизилип, бирок элибизге кыпындай жакшылык алып келбеген, же иштебеген батыштын либералдык-анархиялык демократиясын, айрым ашыкча кайталанган гендердик, этникалык азчылыктын укуктары менен эркиндиктерин Конституциядан азайтып, алардын ордун өзүбүздүн кылымдарды карытып, кыргызды жоготпой сактап келген улуттук-традициялык демократиябызга багыт алган ченемдер менен көбөйтүүнү;

б) Улуттук-кайра жаралуу идеологиясын бекемдөөчү ченемдерди киргизүүнү;

в) Кылымдар бою улуттук демократиянын туу чокусу катары элибизге кызмат өтөп келген элдик курултай институтун, бийлик менен элдин ажырымын азайтуу, эл менен бийликтин өз ара байланышын, ишенимдерин бекемдөө, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин чыңдоо максатында, элдик курултай жөнүндөгү ченемдерди жогоруда мисал кылып жазгандай Конституциянын бир катар беренелерине шайкеш киргизүү;

г) Конституцияда Укук менен милдеттин тең салмактуулугун карманууну;

д) Кыргызстандын унитардуулугуна, эгемендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына шек келтирүүчү жана кыргыз улутунун бир эл катары бекем трансформацияланышына кедергисин тийгизип жаткан ашыкча «интернационализм», «глобализм», «адам укуктары» багытындагы беренелерди ревизиядан өткөрүп, улут укугуна көңүл бурууну;

Мисалы: «расмий тил» деген түшүнүктү 2000-жылкы президенттик шайлоодо орус тилдүү шайлоочулардын добушун алуу үчүн эле, Акаев депутаттар Усубалиев, Текебаевдин авторлугунда Конституцияга киргизген. Азыр мурдагы СССРге мүчө болушкан бир дагы республикада биздикиндей кош тилдүүлүк калган жок.

Ал түгүл коңшу Өзбекстан, Казахстан кириллицадан кетишип, латынга өтүштү. Орус тилин расмий тил эмес, «КРда орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары, - мамлекеттик тил менен катар бирдей колдонулат» - десек мезгилдин талабына туура келет. Бир мамлекетте бир эле мамлекеттик тил болушу, кыргыз тилибиздин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. «Орус тилсиз дүйнөгө чыгалбайбыз» - деген азыр жомок, - дейт Азимбек Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости