www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот - укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Орусиянын паспортун алган кыргызстандыктарга Кыргызстандан жер тилкесин алууга уруксат берүү маселеси көтөрүлдү.
Мындай мыйзам долбоорунун автору Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бул кыргызстандык мигранттардын жерге болгон укугун камсыздоо үчүн абзел.
“Расмий так маалыматтар боюнча, кыргызстандык 600 миң мигрант Орусиянын паспортун алышкан. Алар аргасыздан Россия Федерациясына жаран алуу боюнча кайрылгандыгын жакшы билебиз. Биздин мыйзам боюнча, чет элдик жарандар үй сатып алууга укуктуу болгону менен жер сатып алууга укугу жок. Биздин мурунку жарандар жер сатып алышын каалайбыз. Алар ансыз деле сатып алат, бирок, туугандарына каттаганга аргасыз”, - деп айтты Шыкмаматов.
Анын айтымында, мигранттар жер аларда КРнын мурунку жарандары экенин тастыктап бериши керек. “Эгер паспортторун сактап койбосо, архив аркылуу Кыргызстандан чыкканын далилдей алат”, - деп айтты депутат.
Урматтуу Алмамбет мырза, турак – жай салуу үчүн жер тилкесине коюлган мораторийден улам, Орусия жарандыгын алгандар эмес, Кыргызстандан эч жакка чыкпагандар жер алалбай, тамга жетпей келет.
Алгач мораторийди алып, турак-жайга уруксат берүү жагын колдогондой болдуңар эле, аныңардан дайын жок да. Андан көрө реалдуу көйгөйлөргө баш оорутсаңарчы, бир төөнү , бир бээни кеп кылбай.
Булак:NazarNews.kg