www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Көптөн бери жолуга элек эжени жолдон кездештирип, оозум ачылып туруп калыптырмын. Баса, алгач мен аны тааныган да эмесмин. Алдымдан бир аял келаткан бет маңдай. Жанынан жөн гана өтө бергенде: - Ай, Жайна, кандайсың? - деп эле жан-алы калбай учурашып, бала-чаканы сурап жиберди. -     Жакшы-жакшы,    а    өзүңөр    кандай жатасыңар? - деп сураганым менен, мен ал аялды дале    тааный     албай    турдум.     Бирөөгө окшоштурганым менен, ал эмес деген ойго бекидим. А тиги аял болсо айылдагы апама чейин сурап жиберди. -  Апаң жакшыбы? Байкуш таежем бир топ жашка барып, карып калгандыр... Бул сөздү угуп кайрадан таң калганым күч алды. -  Кечирип коюңузчу, чынында мен сизди тааный албай турам... - дедим кысталып. Ошондо барып тиги аял сүйлөгөн сөзүн токтото мостое түштү. - Ии, эмне эле баятан бери унчукпайт, менин алы-жайымды    сурабайт   дейм   да.    Сага жолукпаганыма анда үч жылдан да  өтүп кетиптир, - деп өзүнчө эле бир нерсени санап алды. - Менин мындай болуп өзгөргөнүмө үч жылдан ашып   калбадыбы.   Мен   апаңдын   аталаш сиңдисинин кызы эмесминби... -  А сиз тирүүсүзбү? - дептирмин го шашып кетип. Өзүмдүн сөзүмө кайра өкүнө түштүм. Бирок, мындай сөздү көп уккан окшобойбу күлүп жиберди. Мына ошондо барып, бет алдымдагы аял Марийпа эже экендигине даана ынандым. Алгач, окууга тапшырып, шаарга жаңы келгенде ушул эженин үйүнө алып келген апам. Ушунун үйүндө жүрүп окууга өтүп, кийин студент болгондо да такай барып турчумун. Бул эже көйнөк тиккенге уста неме болчу, Курбуларым менен келип көйнөк тиктирип кетчүбүз. Анда эже жаш, сулуу кези эле. Күйөөсү менен ажырашып, кичинекей кызы менен жашачу.

Улам кийин чоңоюп, окууну бүтүп айылга кеткенден кийин эже тууралуу таптакыр кабарсыз калгам. Анан, бир күнү эле «баягы Марийпа кыйналып, өлүм оозунда жатыптыр» деген кабар айылга желдей тарады. Эмне болуптур дегендерге: «Ал жөн жүрбөй бир аялдын күйөөсү менен көңүлдөш болуп, анын эрин биротоло тартып аларда ал аял катуу каргаптыр. Марийпанын өзүнө эле келип «Менин каргышым жөн кетпейт. Тилимде мөөрүм бар. Сен мага бекер катылдың. Артка кайт» деп айтыптыр. А бирок, жаш, ары сулуу Марийпа анын тилин албай коюптур. Бир аз күн өтпөй эле Марийпа төшөккө жыгылып, катуу ооруйт. Эти от менен жалын болуп, бети-башына күдүрөйгөн нерселер чыгып кетиптир. Догдурларга барса да ага так диагноз кое албай коюшуптур. Эч оорусу жок болуп чыгат. Үйүнө келсе - кайра ооруйт. Ошентип, катуу ооруп төшөккө жатып калыптыр», - деп жүрүшкөн туугандары. Андан кийин бири «өлүптүр» десе, бири ийнин куушуруп «билбейбиз» деп коюшчу... Ошол Марийпа болчу бул. - Катуу кыйналдым. Айылдагылар деле угушкан болуш керек баарын. Чынында эле тилинде кара мөөрү бар аял экен. Мына, жаным үзүлүп баратканда Жараткандан кечирим сурап, «кайттым дилимден, ал аялдын күйөөсүнүн кереги жок, чымындай жаным аман калса болду, кызыма тээк болуп жашайын» деп жалындым. Ошондо барып кое берди окшойт каргышын... Канча күн эс-учумду билбей жатып калыптырмын. Туугандарым мени «өлөт-өлөт» дешип камданып калышыптыр. Канча күн дегенде турганымды билбейм. Ары барып, бери келдим окшойт. Эптеп өлбө жаным өлбө болуп, тирүү калдым, бирок, бетим капкара күйүк болуп, эч кетпей койду. Ошончо ооруп жатканда да «бетиң күйсүн, бетиң күйсүн» деп тиги аялдын каргап турганы жаңырып турган...

Бул дагы жакшырып, пластикалык операция жасатканымдан кийинки түрүм го. Эл менен аралаша албай, тирүү өлүк болуп бир-эки жылча үйдөн чыга алганым жок. Дагы, кызым бар экен, бай күйөөгө тийип, балалуу-чакалуу болуп калды. Ошол кызым пластикалык операция жасатып бергенден соң гана элге чыгып отурбайымбы.. Көпчүлүгү тааныбайт. Мен деле эч ким менен учурашкым да келбейт,-деп айтып берип жатса да ишенер-ишенбесимди билбей дал болуп тиктеп калсам керек. - А сен менин сөзүмө ишенбей турасың го. Мен ал аялдын тилиндеги мөөрүн өз кезүм менен көрдүм. Мени урушуп келгенде, тилин сунуп, өзү көрсөткөн, таңдай тарапта капкара болгон бирдеме турган. Андай сөздөргө ишене жүрүш керек экен, - деп кошумчалады: -Үйгө келип тур, дагы кенен отуруп сүйлөшөбүз. Мен ооруп төшөктө жатканда көзүмө көрүнгөн нерселерди айтсам, эсиң оойт, - деди коштошуп жатып. Бирок, андан бери колум бошобой, ал эженин үйүнө бара албадым. Бир күнү барып, дагы кызык нерселерди уксам, сиздердин гезитке жазып жиберем.

Булак: "Сырдуу дүйнө"

 

Последние новости