www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыздар Ай менен Үркөрдүн биригүүсүн тогоол, ал эми тогоолдон тогоолго чейинки убакыт аралыгын тогоол ай деп аташкан. Июнь айынын башталышында Үркөр таң алдында биринчи жолу чыгып, Ай-Үркөр жылы башталат. Бул айдагы тогоол таң алдында болуп, бир жылы көрүнүп, бир жылы көрүнбөгөндүктөн 1-ай “арсар ай” деп аталат.

Азыркы мезгилде Үркөр горизонттон июнь айынын башталышында чыгат. Эсенбай эсепчинин заманынан бери бир жарым кылымдан ашык убакыт өттү, азыр Үркөр 10-июндан кийин көрүнөт. Ошондуктан, Ай-Үркөр жылынын башталышы 2-июнга туура келет. Бул ай арсар ай аталганынын себеби, Күн Үркөргө жакын жайгашкандыктан тогоол көрүнбөйт. Экинчи ай жаңыргандан 23 күндөн кийин тогоол болуп, “23 тогоол” деп аталат. Кулжа жетинин айында жүгүрүп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, ошондуктан “Кулжа айы” дейт. Үркөр чыгыш тараптан көрүнгөндөн кийин өсүмдүктөр тез өсө баштаганы байкалат. Элдик табыптар ушул убактан баштап бейтаптарга кымыз ичиришкен эмес. Дан эгиндерин арпа, буудай, сулу Үркөр батканга чейин себишкен. Андан кийин себилген эгин бышпай, кар астында каларын жарыктык билген экен. Уламыш катары айтылып калган. Ал Кочкордун Күн-чыгыш жагында азыркы Ормонхан аймагында келатса бир топ адамдар эгин эгип жатышкан экен. Эсенбай эсепчи токтоп: “Ай балдар бир аз кечирээк сээп жатыпсыңар. Эми эгиниңердин түшкө чейин себилгени бышат, түштөн кийин себилгени бышпай калат” - деп бастырып кетет. Эсенбай эсепчини сынамакка ошол эгин сээп жаткандар белги коюп коюшат.

Кызыгы эки тарап бирдей бышып баратып эле, түшкө чейинки себилгендер толук бышып, түштөн кийинки себилген бышпай үшүк алып кетиптир. Мына эсепчиликтин сыры кайсы убакта эгин себишти да билбесе болбойт экен.Үркөр баткандан кийин жүгөрү, таруу, конок, күрүч себилет. Ай жаңырган, толгон учурларда 2-3 күн мурда жана 2-3 күн кийин эч нерсе айдоого болбойт. Анткени бул учурда Ай фазасы алмаша турган күндөр болгондуктан, себилген үрөн чыкпай калаарын, же чыкса да аз гана түшүм берерин билишкен. Бул күндөрдү ай арасы же "арсар күн" деп аташкан. Ай арасы кандай болгонуна жараша кийинки ай, жыл кандай болоору баамдалган. 22-июнь эң кыска түн болот. Июндун 15 жарыгы «тамыз маалы», 15 караңгысы «кулжа тамыз маалы» аталат. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости