www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Турсунбек мырза, 6 жыл мурун эркиндикке чыккан Батукаевдин маселеси кайра жанданып, ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министрлиги камалып, ошол кездеги күч түзүмдөрүн тескеген Шамил Атаханов да камалды. Бул саясаттын аягы сизди да темир тор артына каматып койбойбу?
-Акыйкатчы айтат, дейт, бирок айткан сөзүнө жооп бербейт. Анткени, Акыйкатчы чечим чыгара турган орган эмес. Акыйкатчынын кылмыш жоопкерчилигине тартылганга мыйзам жол бербейт. Ошон үчүн менин жүрөгүм тынч, камайт деген кооптонуум жок. Мени жоопкерчиликке тартып, камашпаса да туш тараптан караланып, Батукаев чыгып кеткенден кийин моралдык жоопкерчиликке тартылдым. Элге жаман көрүндүм. Кызматымдан кеттим. Ошон үчүн жоопкерчиликке мен эмес, аны чыгарып жиберген соттор, прокурорлор жана аны кызыл килем менен узатып, ага бир күндө паспорт жасап бергендер тартылышы керек. Анткени, Батукаевдин чыгышында процецуалдык норма бузулган эмес дебей, прокурорлор каршы болгондо Батукаев бошобой калмак.
-Бусурманкул Табалдиевдин тапшырмасы менен журналисттерге маалымат бергенсизби?
-Батукаев бошоп кеткенден кийин бир эле мен телефонумду өчүрбөй калыпмын. Журналисттер мага телефон чалып баштаганда эл аралык конвенциянын 66 беренесин эске алып, врачтардын чыгарган тыянагына таянып журналисттердин суроосуна жооп бере баштагам. Жумушка келсем эле Бусурманкул Табалдиев телефон чалып, “эч ким Батукаевдин чыгышы боюнча комментарий бербей жатат. 10 мүнөттөн кийин сиз журналисттерге маалымат берип коёсузбу”-деди. Жаман оюм жок эле ансыз деле маалымат берип жатканымды айтып, макул дедим. 10 мүнөттөн кийин кабинетиме 10-15тей камера менен журналисттер келди. Мен Батукаевдин айыккыс дартка кабылганын, өмүрү коркунучта экенин, анын дарты оор экенин жана 3 күндө эле өлүп калышы ыктымалдыгын айттым. Журналисттердин баары менин комментарийимди берип, жыйынтыгында коомчулукка Батукаевди жалгыз мен чыгарып жибергендей таасир калтырышты.
Көрсө, Бусурманкул Табалдиевге менин классташым Данияр Нарынбаев Турсунбек Акун каршы болбойт, комментарий берет деп айтыптыр. Нарынбаевге жогору жактан тапшырма берилген окшойт. Ошон үчүн Батукаевди мен чыгарып жибергендей таасир калтырып, мени туш тараптан каралатышыптыр.
-Батукаев чыкканда 100 миң доллар алды деген кептер бар. Ошол чынбы?
-Алсам далилдешсин. Бири Ташкенден алган десе, экинчиси Москвадан алыптыр деп маалымат каражаттары деле туура эмес маалыматтарды жатышат. Мен акча алып, Батукаевди ооруу экен деп айткан эмесмин. Жогоруда айткандай эл аралык конвенциянын нормаларын эске алып, ак халатчандардын кан рагына чалдыккан деген диогнозду окуп алып, анан айыккыс оорууга чалдыккан деген пикир айткам. Мени албаган акчаны алды деп кандай каралашса да Кудай алдында акмын.
Суракка барганда дагы менин эч кандай тиешем болбогонун айтып жатам.
Булак: NazarNews.kg