www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


NazarNews.kg маалымат агенттигине саясатчы, Бектур Асанов КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Атамбаевге Кайрылуусу боюнча пикирин айтты.

--КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек  Матраимовдун Атамбаевге Кайрылуусун мындайча түшүндүм. Бул Атамбаевдин жеткен эки жүздүүлүгүнө, ыпластыгына чыдабай жооп берди деп ойлоймун. Себеби, Матраимов Кайрылуусунда “үй-бүлөөбүз менен карым-катнашта болгонбуз” деген сөзүнүн артында өтө көп сөз нерсе турат.  Ага кошумча Матраимов каралоону токтотпосоңуз, “сиз менен өткөргөн 7 жылдын ичиндеги баардык схеманы ачыкка чыгарам”, деди. Түшүнгөн адамга Раимбек Матраимов, мурдагы президентке аябай каттуу сокку жасады, - дейт саясатчы Бектур Асанов.

Эске сала кетсек, 13-майда  КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек  Матраимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кайрылуу жасаган.

Азырынча Матраимовдун Кайрылуусуна Алмазбек Атамбаев үн ката элек. Демек бул көрүнүш менен Атамбаевди Райымбек Матраимов, Бектур Асановдун “лексикону” менен айтканда “пачагын” чыгарды окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости