www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2019-жылдын 15-май күнү кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болуп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Даңк Мемориалына аты чегерилген кызматкерлердин жаркын элестерин эскеришти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожобек Рысбаев, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, андан сырткары ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары,  курман болгон кызматкерлердин жакын туугандары катышышты.

Аталган иш-чарада, министрдин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков сөз сүйлөп, “Бүгүн 15-май күнү, биз кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлердин жаркын элестерин эскерүү үчүн чогулдук.

Бүгүнкү күн биз үчүн бир убакта салтанаттуу жана аза күтүү күн. Биз бүт өмүрүнүн аягына чейин  жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо менен ары татаал жана коркунучтуу жолдо өз өмүрлөрүн тобокелге салыпкызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерип жатабыз. Биздин жолдоштор өмүрүнүн аягына чейин абийирдүүлүк менен кылмыштуулукка каршы күрөшүштү. Алардын эрдиги-кайраттуулуктун, эрктүүлүктүн жана намыстуулуктун үлгүсү. Баарыбыз биздин жолдоштордун жаркын элестерин түбөлүккө сактайбыз”,-деп билдирди.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожобек Рысбаев,“Бүгүн биз Ата Мекенин коргоо учурунда курман болушкан милиция кызматкерлерин эскерип жатабыз. Алардын эрдиктерин эч качан унутпайбыз”,-деди. Ал Ооганстандагы согуштун Республикалык Ардагерлер кеңешинин атынан 2010-жылдын 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында эки бутунан ажыраган ички иштер органдарынын ардагери Алмазбек Акчекеевге майыптардын отургуч-коляскасын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев Ардагерлер кеңешинин атынан көңүл айтты: “Биз алардын эмгектерин эч качан унутпайбыз. Ушундай эр жүрөк мыкты уулдарды тарбиялаган ата-энелерине таазим этебиз”. Ошондой эле, ал бүгүн өтүп жаткан иш-чаранын бардык милиция кызматкерлери үчүн маанилүүлүгү- өмүрлөрүн аябастан, Ата Мекенине жана кызматына абайирдүүлүк менен кызмат кылган кайраттуу жана тайманбас милиция кызматкерлеринин жаркын элестерин эскерүү экендигин белгиледи.

Биздин жолдоштордун жасаган эрдиктери кылмыштуулук делген коркунучтуу күч менен күрөшүүгө дем берген биримдиктин, эрктүүлүктүн жана моралдык жактан багыт берүүчү үлгү катары кызмат кылат. Өздөрүнүн өмүрлөрүн тобокелге салып кызматына жана Ата Мекен алдындагы атуулдук милдеттерин аткарууда курман болгонкызматкерлердин аттары биздин жүрөгүзүбүздө  түбөлүккө сакталып калмакчы. Тилекке каршы, Кыргыз милициясы 170 мыкты милиция кызматкерлерин жоготту. Алардын эрдиктери эч качан унутулбайт.

Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жаркын элестерин эскерүүиш-чарасынын аягында, чогулгандар мемориалдык тактага гүлдөрдү коюшуп, жаркын элестерин бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин аймактык түзүмдөрүндө дагы эскерүү-иш чаралары-мемориалдарга гүлчамбарларды коюшуп, курман болгон кызматкерлердин жакындары менен жолугушуушуда. Милиция кызматкерлери курман болгон жолдошторун эскеришип, алардын элестеринин алдында таазим этишет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости