www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бишкекте №48 мектептин окуучулары мушташып, 9-класстын окуучусу каза болду. Бул маалыматты шаардык ички иштер бөлүмү тастыктады.

“28-майда түндө Шаардык 3-балдар ооруканасына  жеткинчекти оор акыбалда,  эс-учун жоготкон калыбында алып келишкен. Доктурлар “102” кызматына билдирип, окуя болгон жерге  дароо ыкчам-иликтөө тобу келишкен”, - деп айтты ШИИБден.

Маалыматка ылайык, шаардагы биринин жанында 27-майда кечке маал жашы жеткинчектер арасында мушташ чыккан. КРнын ККнин 138-беренеси боюнча (“Денеге оор залал келтирүү”) кылмыш иши козголду.

Судмедэкспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп, мушташка катышкандардын өздүгү такталууда”, - деп билдирди ШИИБ.

2003-жылы туулган окуучу өзүнө келбей каза болду.

Булак:Nazarnews.kg

Последние новости