www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Үймө-үй жылаңайлак катышып, ичте кир болуп бараткан ойлорун ортого бөлүшкөн, Канат Исмаилов деген премьер-министр Абылгазиевдин эң жакын досу бар. Мухаммедкалый мырза жакында  Канат Исмаиловдун "ОргТехСтрой" компаниясына тендери жок эле Билим берүү министрлигине тиешелүү болгон Ысык-Көлдөгү "Санат" пансионатын ремонт кылганга 300 миллион сом бөлгөн.Эгер кандосу болбогондо карапайым айлыкка жетпей жаткан, эл сыяктуу эле кыйналып жашамак.Балким, ал досторун акчага маарытам деп өкмөт башчысына келгендир?

Канат Исмаиловго берген мыйзамсыз иштен тышкары премьер-министр досу үчүн мамлекеттик банктарды кысымга алуу аркылуу Ысык-Көлдөгү пансионаттарын күрөөгө коюп, күрөөнүн баасы ылайыктуу келбегенине карабай ири суммада насыя алып берген. Канат Исмаиловдун ысымы дагы бир нече чыр - чатакта айтылып жүрөт. Маселен Максим  Горький көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу имаратты менчиктештирип алган деп, бул боюнча кылмыш иши да козголгону кеп болгон. Бирок досун ДЗОТко төшүн тосуп берген досу коргойт болуп, өкмөт башчынын таасири менен иш белгисиз бойдон калган. Дос болсоң эле өкмөт башчысы Абылгазиев менен дос бол деп, көпчүлүктүн оозу “аңырдай” ачылып турганы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости