www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы эртең, 6-сентябрда болуучу кезектеги отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Насыр Мусаевдин мандатын башкага тапшыруу маселесин карайт.
Мусаевдин ордуна УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын мурунку жетекчиси Бектен Сыдыгалиев келери айтылууда. Себеби, “Кыргызстан” партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмеси боюнча кезек Айнура Аскаровага келген. Ал учурда Жогорку Кеңеште иштеп жатат. Андай кийинки тизме боюнча кезек Бектен Сыдыгалиевде.
Эске салсак, Мусаев арыз жазып Боршайкомго жөнөткөнү бүгүн белгилүү болгон. БШКдан анын арызын алганын тастыктап, бирок азырынча карала электигин билдирген. Былтыр апрелде депутат болгон Насыр Мусаев ант берүүгө майыптар үчүн коляска менен келип, андан кийин такыр катышкан эмес.
Булак: "NazarNews.kg"