www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилей кетсек, 2018-жылы 11-мартта Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилген. Бишкектеги бешбармактын салмагы 1 464 килограмм болсо, 117 метр чучук даярдалган. Беш бармак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылган. 150 литрге ылайыкталган атайын жасалган 12 тай казан орнотулган.

Бүгүн, 5-августта жогорку иш-чараны  уюштурган Жамалбек Ырсалиевге, Элнура Кулуевага жана Даана /Таалайгүл/ Абдыбековага, КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун ыраазычылык катын КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Д. Эсеналиев тапшырды.

Төмөндө ыраазычылык каттын тексти толугу менен:

Урматтуу Жамалбек Самарбекович!

Урматтуу Элнура Шабданбековна!

Урматтуу Таалайгүл Жамбылбековна!

Былтыр Сиздердин демилге, талыкпас мээнет жана эмгегиңиздердин негизинде, кылымдарды карытып, кең-пейил кыргыз элинин салттуу маданияты болгон улттук тамак ашыбыз бешбармактын Гиннес дүйнөлүк рекорддор китебине киргизилиши зор саамалык болду деп эсептейбиз.

Демек маданиятыбызды муундан-муунга, кылымдан кылымга өтүп, дүйнө маданиятына татыктуу салым кошуп, байытып жатат деп сыймыктануу менен айта алабыз!

Иш-чараны жалпы эл колдоп, көптөгөн кыргызстандыктар түздөн түз катышып, сүрөп жатышты жана жарандарыбыздын духун көтөрүп, жаштарыбызды дагы бир жолу улутубуздун уңгусуна кайрылууда зор дем бергендиги талашсыз. Сиздердин эмгек татыктуу мисал болуп, баардык кыргызстандыктар ар ишке дал ушундай мамиле жасаса–келечегибиз ийгилик менен коштолоору калетсиз!

Ушуга байланыштуу, улуттук тамаш-аш бешбармакты Гиннес дүйнөлүк китебине киргизүүдө жеке салым кошконуңуздар үчүн КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун ыраазычылыгын билдирем!

Дилинде айкөлдүктү сактап келген элибиздин маданиятын андан ары дагы жайылтуу үчүн жаңы идеяларды жарата беришиңиздерге тилектешпиз!

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди жана жашоодо аманчылыкты каалайм.

КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Д.А.Эсеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости