www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан бир нече күн мурун Ширин Айтматова мурунку бажы кызматынын башчысы Раимбек Матраимовдун атын жазып футболка чыгарып социалдык тармакта каттуу талкуу башталган эле.
Тилекке каршы бүгүн социалдык тармактарда Ширин Айтматованын сүрөтү жана оозго алгыс сөздөр менен жазылган футболка кийинген кыздардын сүрөтү тарады.
Айрымдар, бул кадам мурдагы президенттин тарапташтары деген шилтемелерди калтырууда.
Бул окуяга Матраимовдорун жакындарынын айткандарына таяна турган болсок, бул жорук кимдир бирөөлөрдүн Матраимов тууралуу терс пикир жаратуу аракети. Андай деңгээлге түшүп, чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызына тийишкендей Райым Матраимов өтө эле Атамбаевдей пас, оозуна келгенди оттой бербейт дейт.
Эске сала кетсек бир нече күн мурун саясатта анча такшалбаган, кокусунан эле кайрадан жылт этип чыга келген мурдагы депутат Ширин Айтматова «Раим имеет нас» деген футболкаларды чыгарган.
Андан көп убакыт өтпөй ал өзүнүн Твиттер баракчасына каралар коркутуп жаткандыгын жазып кайрадан өчүрүп салган.
Булак: NazarNews.kg