www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ден соолук кадырын ооруган адам билет эмеспи. Жакында капилет жерден катуу ооруга чалдыгып, борбордогу улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө жатып, дарыланууга туура келди. Өмүр бою дарт эмне экендигин билбептирмин. Оору, дарт дегениң айттырбай келип, жабышат тура. Капыстан катуу илдетке чалдыкканыма өкүнүп, далайга ойлонуп, санаа тарттым.
Баскан жолум, башымдан кечирген окуялар, бүтүн таржымалым биринен-бири чубуруп эске түштү. Көз алдыма өмүрүмдүн ар курагы экрандагыдай тартылды. Көрсө, жарыкчылыкка келгенден тарта сүргөн өмүрүң бир чылым тартканча сезилбейт экен. Акыры мезгилдин учкулдугуна, ыкчамдыгына, кумга сиңген суудай түбөлүксүздүгүнө ишенип, бар болгонуна моюн сунуп, коштошууга ниет түздөп калат экенсин. Ошентип, өмүрдөгү баштан кечирген жакшылыктарга каниет кылып, жон теримде тарткан запкы-кыйынчылыктарымды сыноо катары туюнуп, оомалуу-төкмөлүү турмуштун ой-кырын терең калчап, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей, айтор, жашоо-күрөш деген тирүүлүктүн аныктамасын тастыктап, ушул принциптен четтебей жашаганымды акылыма тогоп, эсимде таразалап, сезимиме жуурулуштуруп жаттым.
Ырас, азбы, көппү, алдыма койгон максаттарымды ишке ашырганга умтулуп, ак иштеп, адал жашадым. Жеке мүдөө, утурумдук жашоомду четке жылдырып, эмгегимди кыргыз коомчулугуна арнап, түйшөлгөн элдин жүгүн артынып, акты ак, караны кара деп айтып, калыстыктан тайбай, кызмат кылганга белсенип, көздөгөн максатым кайсы бир деңгээлде жүзөгө ашты. Пенсиям болгону 2120 сом. Дарыгерлерге эми кайдан акча таап берем? – деген ой дагы пайда болуп, сарсанаа болуп баштадым. Кайсы жактан акча табаарымды билбей, кайсалактап турганымда медицина илимдеринин кандидаты, хирург Мурадил Абдыкалыков мен жаткан бөлмөгө баш багып калды. Дарыгерлердин акысы тууралуу “Сиз пенсиядагы карыя экенсиз, бардыгы бекер болот” - деп айтты.
Мен таң калганымды жашыра албай, кайра сурадым. Ал дагы бир жолу тастыктады. Бирок, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө жатып, мен акысыз операция болгонум чындык. Менин ден соолугумду алдыңкы технологиялык анализден уролог врач Асылбек Ботобаев дыкаттык менен өткөрдү. “Кайсы жериң ооруса, жаның ошол жерде” дегендей, денемдеги жанымды көзүмө көргөзүп, сыздатып ооруп жаткан этти алып салып, өтө татаал операция жасады. Ал профессионалдык ишмердүүлүгүндө мындай уникалдуу медициналык ыкма менен жүздөгөн бейтаптарга операция кылып, алкышына ээ болгон. Денени кеспей туруп, организмге жолтоо болуп, ооруга дуушар кылган этти алып салуу ыкмасы – заманбап технологиялардын бири болуп саналат экен.
Ошентип, ар тараптан кыргыз медицинасы мурдагыга салыштырганда алда канча өнүгүп-өсүп, врачтар мезгилдин күрөө тамырын кармаган дүйнөлүк медицинанын жетишкендиктерин колдонуп жатышыптыр. Алдыңкы хирург - уролог Мурадил Абдыкалыковдун айтканына караганда, он жыл мурда он саат бою жасалуучу операцияны азыркы учурда бир саатта жасоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Өз кезегинде, палатабыздын врачы, уролог Бекберди Кабаев бейтаптарга мээримдүү мамиле жасап, операциядан кийинки жүргүзүлүүчү процедуралар жөнүндө кеңири түшүндүрүп, бат сакайууга өбөлгө түзүп жатты. Ал хирургия жаатында илимий изилдөө иштерин жүргүзүү менен кыргыз медицинасына өз салымын кошууга дагы аракеттенип келе жатыптыр. Дарыгерлердин баарысы бейтаптарга өтө жылуу мамиле кылып, кеңештерин берип жатышты. Жеңил колдуу врач Мурадил Абдыкалыковдун мыкты хирург экендигин алыстан угуп, атайын издеп келише тургандыгын эшиттим. Боордош өлкөлөрдөн, Россиядан дартына даба таппай, ылаажы издегендер жолдун алыстыгына карабай келип, дарыланышат. Буга өзүм дагы күбө болдум.
Ооруканада дарыланып жаткан кезде Россиянын Москва шаарынан келип, Мурадил Абдыкалыковдун колунан операция болуп, куландан соо айыккан бейтап менен пикир алышып калдым. Ал врачка чын дилден ыраазы экендигин жашырбай, батасын берип жатты. Кыргыздан жаратман дарыгерлери менен жалпы кыргыз эли сыймыктанууга татыктуу. Өзгөчө урология бөлүмүнүнүн врачтарына терең ыраазымын. Аталган бөлүмдө иштеген эмчи айымдардын эмгеги дагы жүрөгүмө жылуулук тартуулады. Ар бир бейтаптын өмүрүн узартууга үлүшүн кошуп, оорусу менен алышып, ден соолугун чыңдаган Мурадил Абдыкалыков, Бекберди Кабаев, Асылбек Ботобаев сыяктуу өз ишин сүйгөн кесипкөй врачтар кыргыз эли үчүн кызмат кылып турганда өлкөнүн келечеги кең, пайдубалы бекем. Анткени, “дени сак улут – дени сак өлкө” деген кеп бекеринен айтылган эмес.
Эгер кыргыз улутунун, кыргыз элинин, жалпы кыргызстандыктардын саламаттыгын чыңдоого шарттар түзүлсө, мыкты врачтар иштеп турса, кыргыз медицинасынын келечеги кең, анда биз - жарандар келечегибизден, саламаттыгыбыздан коркпойбуз. Албетте, уникалдуу дарыгерлер айлык маянасынын аздыгынан башка жактарга иштеп келүү үчүн кетип жатышат. Алардын бир тобу кайрадан кайтып келишет. Ошол эле убакта кыргыз элинин камын көргөн, саламаттыгын ойлогон врачтар катарыбызда арбын. Дарыгерлердин өздөрү үчүн көрүлгөн камкордуктар анчейин экендигине карабай, эл үчүн, калктын саламаттыгы үчүн иштеп жатышкан медицина кызматкерлерине терең таазим кылам. Бар болуңуздар! Ылайым, ишиңер элге жаксын, бата менен көгөрүп, өмүрдүн бардык жакшылыктарына ээ болгула! Зоболоңор барган сайын бийиктеп, Жараткандын назарында, бакыттын базарында, тирүүлүктүн ырахатын көргүлө, асыл дарыгерлер!
Укук коргоочу Качкынбек БУЛАТОВ
Булак: NazarNews.kg