www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан БУУнун Баңгизаттар жана Кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана "Демократиялык  процесстерди изилдөө борбору" коомдук уюму менен бирдикте укук бузууларды алдын алууну, адилеттүүлүк тутуму менен милициянын иши жөнүндө маалыматка калктын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Малыматка караганда, "Менин милициянын аймактык тескөөчүм" мобилдик тиркемеси - бул милиция мен тез байланышуу үчүн ыңгайлуу курал. Тиркеме жакынкы жерде жайгашкан ички иштер органдарынын дарегин, телефон номерин билүүгө, картадан табууга, уурулукту алдын алуу, алдамчылардан жабыркап калбаш үчүн эмне кылуу керек, зомбулук болгон учурда эмне кылыш керек сыяктуу суроолор боюнча милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнөн, жашы жете электер менен иштөө тескөөчүлөрүнөн, психологдон кеңеш алууга болот.

Аталган мобилдик тиркеме биринчи кадам болуп саналат жана келечекте жаңы маалыматтык блоктор, онлайн кайрылуу, кылмыштар жөнүндө видео-аудио билдирүүлөр мүмкүнчүлүккө ээ болот. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандар айыппулдар жөнүндө, андан сырткары дайынсыз жоголгондор жана издөөдө жүргөндөр жөнүндө маалымат алууга болот. Уруулукту алдын алуу жөнүндөгү видео ролик ыйгайсыз учурларга туш болууну алдын алып, калкты милицияга кайрылууга шыктандырат. Жашы жете электерге зомбулук көрсөтүү жөнүндөгү видеоролик - бул укук бузууларды алдын алуудагы жаңы ыкма, балдардын ден соолугу жана өмүрү үчүн ата-эненин жоопкерчилиги тууларуу милициянын айтуусундагы балдар менен баарлашуунун оң модели.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости