www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин мурунку орун басары генерал Данияр Абдыкаров “Азия Ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаевден 10 миллион сом талап кылган соттук арызын кайтарып алды.
Сартбаевдин айтымында, эки тараптын элдешүүсүнө Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку жетекчиси Райымбек Матраимовдун эмгеги чоң.
“Генерал Данияр Абдыкаров намысыма жана беделиме доо кетти деген арыз менен 10 миллион сом талап кылган. Бирок Раимбек Исмаилович биздин элдешүүбүздүн демилгечиси болду жана көп өтпөй Абдыкаров мени менен соттошуудан баш тартарын билдирди”, -деп айтты редактор.
Сартбаев билдиргендей, соттошууга киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу макала себеп болгон.
Булак:NazarNews.kg