www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Токтокүчүк Мамытов жымыңдап алып Акаевдин учурунда  Үзөңгү-Куушту Кытайга берүүдө өтө активдүү роль ойногон. Кийинки бийликтин да бутун кучактап тескери ойлорун ишке ашырып турчу. Кайсы бийлик болсо "смирно" турган Мамытов бул жолу суракка чакырылды. Тактап айтканда Свердлов райондук сотунда Бишкектин Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланып, мурдагы вице-премьер-министр, азыркы Акыйкатчы Токон Мамытов суралды.

Ал сотто 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда ЖЭБди модернизациялоо боюнча насыялык келишим боюнча токтомго эмне себептен кол койгонун айтып берген:

- Мен «Жогорку Кеңештин комитеттеринин колдогонун, өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчыларынын кол койгонун көрүп кол коюп койгом» деп айттым. «Жогорку Кеңештин үч комитетинин колдогон корутундусун көрүп кол койдум. Эгерде комитеттер колдобосо, мен кол коймок эмесмин» дедим.

Учурда акыйкатчынын милдетин аркалап турган Токон Мамытов 2013-2014-жылдары өкмөттө коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр болгон.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Ага байланыштуу мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости