www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясына караштуу “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы бар. Жай мезгилинде шаарды тимеле көрктөндүрүп, көздү уялтышат.
Кышка жакын шаар ичиндеги куураган бак-дарактарды кыйып, ирээттеп, тыпыйтып тизип, анан эмне кылат? Туура, сатат! Болгондо дагы кардарлары суукта үшүп калбайлы деген кемпир-чалдар. Негизи биз билгенден пенсионерлердин аярлуу катмарына шаар бийлиги колдоо көрсөтүп, отун-суусуна колдоо кылып, кыш камылгасына жөлөк болот деп жүрүптүрбүз.
Көрсө андай эмес экен. Пенсионерлер отун алалы деп "жашылдандырууга" барат, акчасын төлөйт, наклодной, квитанциясын алат. Анан тиешелүү отунду алайын десе эле килтейген бир отун, жыгачты карматып коюшат муниципалдык ишкананын балдары. Ал эми майдаланган отун, жыгачтарды “шустрыйлар” капчыктууларга даяр отун кылып жогору баада сата беришет. Ал килтейген отунду чал-кемпирлер кантип аралап, майдалайт? Же аларда акча көппү бирөөнү жалдап иштеткенге? Эгерде жөнөкөй кызматкерлери ушундай иш менен шугулданса, административдик мекемесинде отургандар өзүлөрүн суудагы балыктай сезип, алкымы кудайга шүгүр эле болсо керек – деп калдык.
Булак: NazarNews.kg