www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


“Алдар Көсө” атыккан “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов “ити чөп жеп” жаткан бизнестерге рейдерлик баскынчылыгынан сырткары мамлекетке төлөй турган салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жаап-жашыруу жагынан да “мастер” экени акырындык менен коомчулукка белгилүү боло баштады.

Биз анын бир эле компаниясынан мамлекетке 700 миллион сомдон ашуун каражат салык катары төлөнбөй, жашырылып калганы тууралуу сөз кылгыбыз келип жатат. Тактап айтсак, “Манас Интернейшнл Сервис” ЖЧКсы боюнча. Бул компаниянын жетекчилигине карата өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы менен 2005-жылы эле кылмыш иши козголгон экен.

Ток этеринен баштайлы, ошол 2005-жылы КР өкмөтүнүн алдындагы МСИнин, Мамлекеттик бажы инспекциясынын, СЭМБдин, финансы полициясынын жана финансы министрлигинин адистеринин катышуусунда комиссиялык соттук-экономикалык экспертиза түзүлүп, алар Бабановго тиешелүү болгон “Манас Интернейшнл Сервис” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерген. Натыйжада алардын тыянагы боюнча аталган компания салык жана бажы төлөмдөрүнүн шарттарын бузуу менен мамлекетке 723 833 710 сом төлөөдөн качканы аныкталган. Анын негизинде бажы инспекциясы аталган компаниянын жетекчилигине көрсөтүлгөн суммадагы каражатты мамлекетке төлөөнү милдеттендирген талапты койгон. Соттук териштирүүлөр жүрүп, компаниянын финансы директору, башкы бухгалтери кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үй камагына алынышкан.

Андан кийин Бабанов өзүнүн бийликтеги таасирин колдонуу менен кайрадан соттошуп, бул иштерди өндүрүштөн алдыртып койгон экен. Айтор, бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүлгөн суммадагы каражат мамлекеттин казынасына түшпөй келатат.

Бул Бабановго тиешелүү бир гана компаниянын жашырган салыгы, милдеттүү төлөмдөрү. Ал эми ага тиешелүү компаниялардын саны өтө эле арбын экенин эске алганда, ал мамлекетке канча миллиард салыкты төлөбөй жүрдү болду экен деген суроо жаралбай коебу?

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости