www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-февралдан бери коопсуз шаар кыймылы ишке киргени, айдоочулардын кыжырын келтирип, учурда нааразы болгон тарап чыңалып турган кези.
Минтип айтканыбыздын бир себеби, кечээ 22-автобустун айдоочусуна 20 миң сом айып пулдун квитанциясы келиптир. Айдоочунун алган айылыгы 12, 15 миң сом болсо, ал анан кантип айып төлөйт, маселе мына ушунда. Ушундай жагдайды айдоочулар эске алып, эгер бизге дагы айып пул көп санда келсе анда иштеп эмне кылабыз деп, иш таштоого барганы жатышат. Бир жагынан алардын дагы талабы туура. Автобус көчөгө батпай, айла жок, жол эрежесин бузганга туура келип жатканы да бир тараптан айдоочууларга ыңгайсыз абалды тартуулаганы кеп болду. Билермандар эми дагы бир жолу ушул жагын эске алып, айып пулду арзандатабы деген гана ой. Кыскасы, коопсуз шаардын жоругу дагы бир чырдын чыгышына себеп болгону калды көрүнөт. Анткени азырынча айып пулдун квитанциясы келе электер да бар. Ызы-чуу башталып кетпесе болду, жаз келе жатпайбы.
Бердикожо Бийназаров,
Булак: NazarNews.kg