www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балык депутаттардын катарын толуктаган Кубанычбек Жумалиевдин үнү чыкты “өкмөт органдарды алмаштыруу жөнүндө мыйзам долборун тез арада сунуш кылыш керек” деп, элге күйүп үн катты. Ушуга да тобо дейличи. Жок дегенде караанын көргөзүп, иштеп жаткандан белги бергени да, учурда жактоочулары үчүн чоң жаңылык болду. Ооба, учурунда Акаев менен бирге иштеп, өкмөт башчы да болуп, бийликтин акырынан жем жеп калганы да бар.

Айтылган кеп бар эмеспи “карышкырды канчалык тойгузсаң дагы, баары бир токойду карайт” деген. Ансыңары өкмөттүн акырынан даам сызып, ичип-жеп көнүп калгандар бийликтин бийик секисине чыгып, жоопту ишке киришээрде конститутцияны кармап “элге ак кызмат кылам” деп ант берип коюшап, кайра эле көнгөн адаттарын карматышып, берген анттарын эстен чыгарып коррупцияга барышканы, курсагы тойсо дагы кудум токойду эңсеген карышкырдын элесин берет.

Кубанычбек мырзаны дагы “аппак” деп айтсак анда катуу калпычы болуп калабыз. Акаев менен бирге иштеген кишини кантип “ак” деп айтууга болот. Бир кезде басылмаларга чыккандай болгон Кубанычбек мырзанын байлыгы жөнүндө. Азыр андан дагы көбөйүп, түтөп эле жатып калса керек. Бирок курган өкмөт ал байлыктарды көрбөй жатканы, бул дагы бечелдиктин белгизи деп айтсак аша чаппайбыз. Сөз соңунда эмне дейли, Кубанычбек мырзанын ишине ийгиликтерди каалап, сөз менен эмес, иш менен өзүн көргөзүп, жаш депутаттарга үлгү болсун деп сөзгө чекит коюлу.

Бердикожо Бийназаров,

Булак: NazarNews,kg

Последние новости