www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автобус кырсыгынан 20 адам каза болду

Түштүк Америкада жайгашкан Перу мамлекетинин борборунда автобус кырсыкка учурап, 20 адам каза болду.

Маалым болгондой, кырсык 12-апрелде эртең менен Сиуас провинциясында болгон. Автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, натыйжада унаа жолдон чыгып кеткен.

Белгиленгендей, 18 адам окуя болгон жерден көз жумса, дагы экөө ооруканага жетпей көз жумган. Ошондой эле 14 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышканы белгилүү болду. Алар ооруканага жаткырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости