www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы канчага кымбаттады?

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүшү 3,2 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде өткөн маалымат жыйында Улуттук статистика комтитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.

Анын айтымында, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына баалар 5,4 пайызга, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга 4,3 пайызга жогорулаган.

«Ушул мезгил аралыгында, кумшекер 19,3 пайызга, картошка-14,0 пайызга, тооктун жумурткасы-14,0 пайызга, жашылчалар-14,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майлары-9,4 пайызга, эт- 3,6 пайызга, нан- 2,3 пайызга болгон баалар өстү», – деди ал.

Оросбаев үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин көтөрүлүшү (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, ушул тапта Улуттук статистикалык комитетте республиканын 2021-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат жыйын өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости