www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусундагы ички иштер орган кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен шаарында жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге Ички иштер министрлигинин медалдары жана кезектеги наамдар тапшырылды. Салтанаттуу азем 1-3-апрель күндөрү «Коопсуз 2021» аскердик машыгуусуна жигердүү катышкан кызматкерлерди сыйлоо үчүн арналды.

Иш-чарага Баткен ОИИБнын өздүк курамы, Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери жана КР ИИМдин 707-ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери, ошондой эле сыйлана турган кызматкерлер катышты.

Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов «Коопсуздук 2021» аталышындагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууларын өткөрүүдө милиция кызматкерлери жогорку деңгээлде иш алып баргандыгын белгилеп, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге ИИМдин медалдарын жана Ардак грамоталарын салтанаттуу тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости