www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында автобуста эки жүргүнчүнүн мушташы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүргүнчүгө бычак сайган Аламүдүн районунун Аламүдүн айылынын 33 жаштагы тургунуна карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Ээнбаштык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

“Тергөөнүн маалыматына караганда айыпталып жаткан Ж.Ж. аттуу жарандын жүрүм-туруму боюнча жүргүнчүнүн айткан сын пикири жакпай калып, экөө мушташа кеткен. Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабырлануучуга Чүй облустук ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлгөн. Анын канчалык деңгээлде зыян тартканын аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.

Маалым болгондой, окуя 21-июлда ГЭС-2 районунда катталган. Автобустун ичинде эки жүргүнчү мушташа кеткен. Жабырлануучу бычактан жаракат алганын, экинчи жүргүнчүнү тарнспорттон чыгарып баратканда көрүп калган. Шектүү жаран кармалып, милицияга өткөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости