www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн 9 жаштагы Сабыров Ырысбек жардамга муктаж. Апасы Жанаркүл Жамбаева аргасыздан кыргыз элине кайрылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, ал тубаса жүрөк оорусу менен төрөлүп, 1 жаш 4 айында жүрөгүнө операция болгон. Ырысбектин операцияга чейин жүрөк оорусунан башка органдары соо болчу. Операциядан кийин жыл айланбай анын кыр арка сөөгү кыйшая баштаган. Баласындагы бул өзгөрүүнү байкаган эне аны кайра ооруканага алып барган.

"Ал убакта баламдын буту да кыскара баштаган экен. Баламды көргөн доктурлар коркунуч жок экенин айтышып, массаж, гимнастика жасагыла дешкен. Далай ирээт барган жердин баары ушундай деп айтып,биз массаж кылып эле жүрө бергенбиз. Улам бой тарткан сайын, сөөгү кыйшайып, түзөлбөй улам-улам ооруканага бара берип,ушул күнгө жеттик", - дейт Жанаркүл Жамбаева.

Учурда дарыгерлер Ырысбекке "Сколиоз" деген диагноз коюп, тез аранын ичинде Түркия мамлекетинен операция кылууну айтышкан. Операциянын баасы 27.000 АКШ доллар турат. 

"Чынында буга биздин чама чаркабыз чак келбей, аргасыз сиздерге кайрылып отурам. Буга чейинки көргөн күндөрүбүз бир Кудайга жана бизге эле маалым. Балам үчүн ушул жылдар бою чуркаганым чуркаган.Үмүтүм ушул баламда! Жүрөк ооруганы аз келгенсип, эми мынтип сөөгү кыйшайып зээнимди кейитип, жүрөгүмдү тилүүдө. Кайрылуума кайдыгер карабаган элимден эне жүрөгүм менен жардам сурайм! Балам дени сак болуп,башка балдарга окшоп ойноп жүрүүсүн каалайм.Үмүтүм чоң, элимден үмүтүм чоң", - дейт Ырысбектин апасы.

Ырысбектин тагдырына кайдигер карабаган кайрымдуу жарандар төмөнкү реквизиттер аркылуу жардам көргөзсө болот.

ЭЛСОМ 996 500 21 05 13 Джамбаева Жанаркүл

ОПТИМА  996 500 21 05 13 Джамбаева Жанаркүл

СБЕР БАНК  4817760309022337 Марат Кубат уулу (тайкеси).

Последние новости