www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “балага сүйүнчү” жөлөк пулунун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, аталган министрлик эне-баланы колдоо саясатын кайра карап чыгышы керек.

«Сүйүнчүнүн көлөмүн көтөрүшүбүз керек. Учурдагы сумма аз. Үй-бүлөнүн материалдык абалына карабай, бардык энелерге сүйүнчү берилип, анын өлчөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүү керек”, - дейт Надира Нарматова.

Ал ошондой эле балдардын жөлөкпулун өзгөртүүнү сунуштады.

«Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири миграцияда болсо, дароо эле жөлөк пулдан ажыратасыз. Ал эми чет өлкөдө эмне кылып жүргөнү, акча жөнөтпөгөнү белгисиз. Бул туура эмес. Үч жашка чейинки бардык балдарга жөлөк пул берилиши керек”, - деп белгиледи депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости