www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдөгү баалар негизсиз жогору болуп жатканы таң калтырууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.
"Мен өзүм мындай болуп жатканына таң калдым. Андай болбошу керек. Меймандос элбиз дейбиз, бирок жакында эле ушундай учурларга туш болдум, айрым адамдар алгач акча талап кылып, анан гана мейман-достугун көрсөтүүдө", - деди ал.
Кенжематованын пикиринде, баалардын өсүшү Ысык-Көлдүн курорттук аймак болгондугуна эле эмес, 2019-жылдан бери уланып келе жаткан экономикалык кризиске да байланыштуу.
Анын айтымында, азыр Чолпон-Ата шаарынан Бостериге чейин такси менен баруу 500 сом турат экен. Таксисттер төрт аялдама үчүн ушундай сумма талап кылышууда, бул өтө кымбат.
"Эс алууга келген кыргызстандыктардын көбүнүн айлык маянасы аз. Биз бааларды жеткиликтүү болушу үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек. Тилекке каршы, биз департамент катары бул маселе боюнча сунуштарды гана бере алабыз. Бааны жөнгө салуу биздин компетенциябызга кирбейт", - деди Кенжематова.
Ал ошондой эле жергиликтүү бийликти жана пансионаттын администрациясын туристтердин коопсуздугуна көңүл бурууга жана күзөт кызматынын адистерин сапаттуу даярдоого чакырды.
Булак: NazarNews.kg