www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясый илимдердин доктору менен маек.

Арадан канча жыл өткөн менен биздин өлкө ЕАЭБден өз ордун таба албай, Казакстандын салык инспекциясы менен чек ара кызматы тарабынан түрдүү тоскоолдуктарга учурап, азап тартып келебиз. Коңшу өлкөнүн текшерүү органдары кадимкидей кысым көрсөтүп, жүк өткөрүш үчүн акча дооламайды адатка айландырышкан. Кыргыз өкмөтү 30-31-январь күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү Алматы шаарына чогулуп, эки өлкөнүн чек арасынан жүк алып кирүү маселесин талдашарын билдирген. Жолугушууда кыргыз тарап Казакстандын бийлиги Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жоболорунан тышкары, чек арадан жүк алып кирүүгө коюп жаткан тоскоолдуктар тууралуу түшүндүрмө беришин талап кылышмакчы. 

“Кыргызстан эмне үчүн ЕАЭБден ордун таба албай келет? Казакстан тараптан тоскоолуктар эмнеге күч алууда?” деген суроолорубузга саясый илимдердин доктору Азамат ТЕМИРКУЛОВ кенен-кесири жооп узатты.

--Биздин товарларыбыз, жүк ташуучу унааларыбыз чек арада турат.  Товарларды казактар киргизбей жатышат. Бул жерде эки фактор бар: биринчиден, күнөө өзүбүздө. Экинчиден, алардан да кетип жатат. Биздин күнөөбүз – биздин товарыбыз ЕАЭБдин коюлган талаптарына, стандарттарына жооп бербей жатканы себеп болууда. ЕАЭБдин өз стандарттары бар. Аны Россия, Казакстан мамлекеттик органдары продукцияларды текшерип, талаптарга дал келбесе рынокко чыгарбайт. Талапты бекем кармашат. Бизде болсо мамлекеттик органдар  ал талаптарды жакшылап көзөмөлгө ала элек. “Кандай стандарттар болушу керек? Кандай талаптарга жооп берүү керек?” дегенди өндүрүүчүлөргө жакшылап жеткирише элек. Ошондуктан өндүрүүчүлөр Кыргызстандын ички рыногунан чыкканда талаптарды аткарбай чыгарышат. Коррупциясы да бар. Кичине акча, чай берип коюп, продукциялары талапка туура келбесе да рынокко чыгарып сата беришет. Ошол продукцияны ишкерлер Казакстан, Россияга чыгаралы десе, ал жактан кабыл албайт. Анткени, алардын талаптары күчтүү. 

Ошол эле мезгилде биздин продукциянын сапаты алардыкына салыштырмалуу жогору. Төмөн эмес. Сүт же башка айыл чарба продукциясын алалы, жеңил өнөр жайды  алалы. Биздики алардыкына караганда сапаты жогору. Ошондуктан Казакстан, Россия рыногунда жакшы кабыл алынат. Эл ошол продукцияны сатып алып пайдаланат, колдонот. Бизде тигилген кийимдерди кийишет. Биздин сүтүбүздү ичкенге аракеттенет. Бирок, ошол эле мезгилде таңгактоо (упаковка), маркировка дегендер бар. Курамында эмне бар – баарын жазыш керек. Продукциясын жакшыраак стандарттарга жооп бере тургандай кылып, өңүнө, формасына келтирип сатуу – учур талабы. Биз андай деңгээлге жете албай жатабыз. Өзүбүздүн ушундай кемчиликтерибиз бар. 

Андан тышкары, бизде мурдагыдай реэкспорт болуп жатат. Мисалы, башка (Кытай, Тажикстан, Өзбекстан ж.б.) ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн товарлар кирип, анан маркировкасы алмаштырылып,  мурун “Кытайда жасалган” деген маркировканы алып салып, “Кыргызстанда жасалган” деген маркировканы чаптап, аны биздин территориядан өткөрүп, Россияга алып барып сатып жатышат. Биздин бажы кызматы муну көзөмөлгө албагандыктан же коррупциялык иштерден улам, мамлекеттик органдардын кемчилигине такалып жатабыз. Демек, бул өзүбүздүн кемчиликтерибиз. 

Казакстан, Россиянын кемчиликтери да жок эмес. Алар союздаш болуп туруп, атайын кемчиликтерибизди  механизм катары колдонуп, өздөрүнүн рыногун, экономикасын коргоп, өстүргөнгө аракеттенип жатышат. Маркировка ж.б.  кемчиликтери бар товарлардын  баарын киргизбей жатышат. Муну эки тараптын тең кемчилиги деп эсептесек болот. Биз элден мурун өз экономикабызды, өз жарандарыбыздын акыбалын ойлоп, алардын мээнети, эмгеги талаага кетпесин деп, өкмөт, мамлекеттик органдар “стандарт, талаптар ушундай” деген маалыматты таратып, шарт түзүп берүүлөрү керек. Стандартка туура келбегендерди ички рынокко да чыгарбай, жаап салуу керек. Ошондо гана биздин ишкерлер жогорку талаптарга жеткенге аракеттенишип, атаандашканга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Азыр биздин өкмөттүн сөзү кыска болуп, жарандар да тоскоолдукка дуушар болушууда.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

Булак: "Азия Ньюс" 

Последние новости