www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын кыргызстандагы элчилиги, туристтерге, ишкекрлерге, жумушчуларга жана студенттерге виза берүүнү улантат. Бул тууралуу элчи Дональд Лу (Donald Lu) расмий билдирүү таратты. Анын айтымында, Вашингтондун виза чектөөлөрүн киргизгенине тынчсызданган айрым кыргыз жарандарынан көптөгөн суроолор, кайрылуулар түшүүдө.
“Мен сиздер менен ачык сүйлөшкүм келип турат. Бул чектөөлөр бир дагы визаны жокко чыгарбайт. Эгер сиздин колуңузда виза бар болсо, анда АКШга бара берсеңиз болот. Вашингтон – болгону иммигранттар үчүн жана “Грин карт” виза лотореяларына убактылуу чектөө киргизүүнү туура көрдү” – деп айтылат элчинин билдирүүсүндө.
Муну менен Дональд Лу, Америка менен Кыргызстандын ортосундагы башка чектөөлөр тез арада алынып салынарына үмүттөнөрүн билдирет. Айтымында, кыргыз паспортторунун коргоосун жакшыртуу жана жогорулатуу, терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алуу боюнча көп убакыттан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келе жатат.
“ Эгерде сиздерде иммиграциялык же “Грин карт” визалары туурасында суроолор болсо, биздин “Фейсбук лайф” чаттагы баарлашуубузга катышууңуздарды өтүнөм. Анда биздин виза боюнча адистерибиз баардык суроолорго жооп беришет. Мен сиздерди ишендирип кетким келет, биз бул маселелерди чечүү үчүн Кыргызстан менен иш алып барабыз. АКШга барууну пландап жаткан кыргыз жарандарына саянбай болгон жардамыбызды көрсөтө беребиз” – дейт Дональд Лу.
Эске сала кетсек, кечээ, 31-январда АКШ лидери Дональд Трамп Америкадагы иммиграцияга тыюу салынган 6 өлкөнүн катарына Кыргызстанды киргизгени маалым болду. Трамп кол койгон ал документ Нигерия, Эритрея, Мьянма жана Кыргызстандын көпчүлүк жарандарына Америкага иштөө максатында барууга жана жашоого уруксат бербейт.
Айта кетүүчү жагдай, Американын аймагында жүргөн же буга чейин виза алган жарандарга жаңы эрежелер таасирин тийгизбейт. Жаңы тыюу салуу 2020-жылы 22-февралда гана күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg