www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алакандай Кыргыз жерибиз деген сөз абдан ЖАКПАЙТ мага. Кайдагы алакан койгулачы! Эмнеге кичинекей деп ойлойбуз жерибизди? Мисалы Түштүк Корея биздин мамлекеттен 2 эсе кичине! Ал эми ошол эле Түштүк Кореядан да кичинекей мамлекеттер: Венгрия, Португалия, Азербайжан, Австрия, Араб Эмираттары, Чехия, Ирландия, Грузия.

Бизден 3 эсе кичинекейлер: Литва, Латвия, Хорватия, Словакия, Эстония. Нарын облусунан (45.2миң км²) кичинелер: Дания, Нидерланды, Швейцария, Молдавия. Джалал-Абад облусунан (33.7миң км²) кичинелер: Бельгия, Армения, Албания, Израиль, Македония жана Словения. Нарын облусунан 4 эсе кичинекейлер: Катар, Ямайка, Ливан, Кипр. Ал эми Сингапур мамлекети ошол эле Нарындан 65 эсе кичине, а калкы 5 млн. Монако мамлекети Бишкектин Аламедин микрорайонундай.

Мисалга белгилүү гана мамлекеттер келтирилди. Негизи Кыргызстандан кичине 109 мамлекет бар экен. Анан алакандайбы ээ? Чынлеби ээ? Койчу ай!- деген пикирин ырчы Азат Болотбек Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости