www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Массалалык маалымат каражаттарында айтылган пикирлер Текебаевди кармоодо саясый бойок болгонунун божомолдоого негиз берет. Кыска мөөнөттө «Ата-Мекен» фракциясынын жетекчисине КР Кылмыш жаза кодексинин негизинде «коррупция», «алдамчылык» боюнча тагылган айыптар аны далилдөөдө жетиштүү негиз боло албайт.

Өмүрбек Текебаевди кармоо аракети терроризмге каршы деңгээлинде болуп, алдын ала даярдалганы көрүнүп турат. Себеби «Манас» аба майданынын айланасы курчоого алынып, жеке жана коомдук транспорттор тосулган. Саясатчынын кармоо үчүн бир канча оперативдүү топтор аракеттенип, аба майданын короосу күзөтчүлөр  менен курчалган. Ушуга байланыштуу Ө.Текебаевди кармоо төмөнкү максаттарда ишке ашырылышы мүмкүн:

-Россия президенти В.Путиндин Кыргызстанга жасалчу сапарынын алдынан учурдагы кыргыз бийлигинин күч-кубатын даңазалоо же азыркы саясый башкаруу чөйрөсү республикага толук көзөмөлдү жүргүзүп  жатабыз деген пикирди кыйытуу; В.Путин Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдында азыркы саясый клан менен мамиле түзүп, бизди колдоого алсын деген үмүт артуу болчу.

Серепчилер өлкөнүн жогорку бийлиги аны камоо үчүн 2016-жылдын август айынан тарта укук коргоо органдарына тапшырма бергенин белилешет. Демек Текебаевди жакын рда камоодон бошотушпайт. Эгер ушундай болсо Текебаев парламентке келип депутат болуп, фракцияны башкарып, саясый күчтөр арасында өз баркын көтөрүүгө жетишет. Ошондуктан анын Австрияга барган сапары камоого алууга кошумча түрткү болуп берди.

Себеби «Ата-Мекендин» лидери ал жактан кыргыз оппозициясын колдоо үчүн  акча каражатын талкуулап келген экен. Ушуга байланыштуу «Ата-Мекендин» лидери Европага болгон сапарынан кийин оппозициялык ишмердүүлүктү күчөтүп, бирдиктүү оппозициялык кыймылды Кыргызстанда тизүүгө жетише алмак.

Бирок көз карандысыз серепчилердин баамында бийликтин Текебаевге карата радикалдуу кадамы анын ЕККУнун парламенттик ассамблеясында  Атамбаевдин Евробиримдикке болгон сапарын сындоо үчүн  да болгондур. Себеби муну кыргыз бийлиги кыртышы сүйбөй кабыл алган. Ошондуктан Текебаевди кармоо саясый мүнөздө болду. Демек анын жакын арада боштонукка койо берилиши да күмөн. Анткени буга жогорку бийлик кызыкдар.

Анын үстүнө «Ата-Мекендин» лидерин боштондукка чыгаруу учурдагы президенттин абройуна терс таасирин тийгизет. Бирок ошол эле учурда Текебаевдин кадыр-баркы жергиликтүү эл арасында жогорулап жатат. Демек бул бардык республиканын аймагында ар кандай саясый толкундоолорго өбөлгө болушу мүмкүн. Анын негизги катышуучулары»Ата-Мекен» саясый партиясынын  мүчөлөрү. Албетте аларга башка оппозициялык топтор, өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү кошулушу мүмкүн.

Казакстандын polit-asia.kz сайтынан которгон Келдибек Назиров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости