www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Тажикстанда учурда тынч эмес. Азыркы абал мындан ары кандай курчушу мүмкүн?

- Тагыраак айтсам, негизинен Тажикстандын чыгыш бөлүгүндө – Тоолуу Бадахшан автоном облусунда коомдук-саясый абал курчуп, чыңалып турган учур. Бул автоном облуста Тажикстандын жалпы калкынын болгону 3%ы жашаганы менен, бүт аймагынын дээрлик 45%ын ээлеп турарын белгилесек, азыркы абалдын курчушу өлкөнүн геостратегиялык ролу бар тең жарымына таасир этип жатат. Бадахшандагы кризис азыр гана чыгып жаткан жок, бул 2021- жылдын ноябрь айында чыңалып барып басаңдаган эле.

Анда да бир нече адамдардын өмүрү кыйылган окуялар менен коштолгон. Кечээ жакында курчуп кеткен абал ошол өткөн жылкы окуялардын түздөн-түз уландысы, адилеттүүлүктү талап кылып, өз укуктарын сактоо үчүн чыккан жергиликтүү калк менен расмий бийлик ортосунда сүйлөшүүлөр оңунан чыкпай, тескерисинче, тажик бийлиги репрессивдүү кадамдарга барганы абалды оорлотту. Көптөгөн теги бадахшандык таасирдүү лидерлер кысымга алынып, Россиядан бери кармалып келип, кеминде 8-9 жылга кесилгени нааразычылыктарды күчөттү.

Ага кошумча Тоолуу Бадахшанда социалдык-экономикалык абал башка аймактарга караганда алда канча начар. Бул аймак борбордук бийлик тарабынан көптөгөн жылдар бою өгөйлөнгөн абалда калган. Булар ачык, үстүрттө жаткан көз көрүнөө жагдайлар гана, мындан башка тарыхый, тил, диний факторлор дагы бар. Ушул себептерден бадахшандыктардын Рахмон баштаган борбордук бийликке таарынычы, ичкүптүсү, нааразычылыгы тынбай келет. Бул арада Рахмонго каршы болгон тажик оппозиция кыймылынын кээ бир өкүлдөрү оппозициянын куралдуу канатын (ОКК) уюштурууга белсенгени өзгөчө көңүл бурчу жагдай болду.

- Жалындан эми от тутанып бараткандай...

- 16-майда жергиликтүүлөр Хорогдо жалпы бадахшандык митинг уюштурууну жарыялап, даярданып жатышкан. Албетте, бул жараян Дүйшөмбүдөгү борбордук бийликти сестентпей койбоду, буга каршы чара көрүлө баштады. Демейдегидей Хорогдо укук коргоо органдары, аскерлер толук күжүрмөн даярдыкка өтүштү. Ал жакка башка райондордон элдер келчү жолдор жабылып, борбордук аянт тосулду. 17-майда башталбай жатып митингге топтолгон адамдарга каршы күч колдонулуп, ок атылып, бир нече адам каза болду, ондогону жаракат алышты.

17-18-май күндөрү Бадахшандын Рушан районунда Дүйшөмбүдөн Хорогго бараткан кошумча аскер күчтөрүн тосуп, Хорогго өткүзбөй жаткан элдерге да аёосуз миномёт, тик учактан ок атылды. 17-майда бейрасмий маалыматтар боюнча 38 жергиликтүү каза болгону айтылууда. Жергиликтүү калк булардан кийин шок абалында турган мезгилде, 23-майда Тоолуу Бадахшанда таасирдүү, абройлуу жергиликтүү лидер, мурдагы талаа командири, кийин тажик чек ара кызматында полковник даражасына чейин жеткен Мамадбокир Мамадбокировдун кол салуудан каза болгону аймакта абалды биротоло курчутуп жиберди.

Расмий бийлик М.Мамадбокировдун өлүмүн кримчөйрөгө шылтаганы менен, бадахшандыктар үчүн анын тажик атайын кызматы тарабынан өлтүрүлгөнү айдан ачык. Буга чейин тажик оппозиция өкүлдөрү куралдуу канат түзөрүн жарыялашса, мына эми “Бадахшанды коргоо армиясы” түзүлөрү айтыла баштады. Жогоруда белгилеген жагдайлардын баары Тажикстандын бизге чектеш ири аймагында коомдук-саясый абал мындан да курчуп, радикалдашуу өңүтүнө өтүп, опурталдуу окуяларга кептелиши мүмкүн экендигин каңкуулайт.

- Биздин өлкөгө, чек ара келишпестиктерибизге кандай таасири болушу мүмкүн?

- Тажикстандагы азыркы болуп жаткан окуялар бизге түздөн-түз тийешеси бар. Бирден-бир себеби, Тоолуу Бадахшан Кыргызстандын Чоң-Алай жана Алай райондору менен узун чек ара тилкеси аркылуу байланышкан. Эки мамлекеттин ортосундагы такталып бүтпөгөн чек ара тилкелери ушул эки райондо да бар. Мисалы, өткөн жылы жаңжалга алып келген Чоң-Алайдагы Унжу-Булак участкасы (Тажикстандын Жергетал району менен чектешет) жана АлтынМазар (Тажикстандын Жергетал жана Тоолуу Бадахшандагы Мургаб райондору менен чектешкен жерде). Айтылуу Памир трактындагы Ош–Хорог автожолу 90-жылдары Бадахшан үчүн “өмүр жолу” болгон.

Тажикстандан Кытайга жүк ташуучу, товар алмашуучу эң жакын, тез, ыңгайлуу маршрутунун экиден бири да Чоң-Алай, Алай аркылуу өтөт. Айтмакчы, Хорогдогу митингчилер Кытайга кетчү Хорог–Кульма ички автожолун жабууга аракет кылышкан жана тажик расмий бийликтери тезинен ачууну талап кылышканы дагы бир айтчу жагдай. Эми биздин чек ара келишпестиктерибизге таасири жөнүндө бир нече жагдай айтсам. Баткенде 2021-жылдагы куралдуу жаңжал болгондо, же кийинки майда жаңжалдарда да бадахшандыктар “мекенди коргойбуз” деген таризде “Ворухтун тегерегине чейин барып, кайтарабыз” деп чыкканы белгилүү.

Бадахшандагы акыркы окуялардан кийин, айрыкча тажик күч түзүмдөрү бийликке каршы чыккан элге ок атып, кыргын орун алгандан кийин баягы мекенчилдик ою өзгөрүп, негизи келип Бадахшандын өзүн коргоп алуу керек экендигин, кошуна элдерден түшүнүү, моралдык колдоо издегендей, үмүт артуу, ал эмес өзүнчө эл, мамлекет болуу тууралуу ойлор пайда болуп жатканын байкап жатам. Бадахшандагы окуялар башталгандан кийин белгилүү бадахшандык генерал-майор, тажик чек ара аскеринин башкы командачысынын улуу кеңешчиси Холбаш Холбашев даражасына карабай кармалды.

Азыр Бадахшандагы козголоңдун уюштуруучусу катары күнөөлөнгөн генерал кармалар алдында кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ворухта кызмат өтөп жүргөнү айтылууда. Мен дагы бир ыктымал өңүткө көңүл бургум келет. Кээ бир саясый режимдер, өлкөдө коомдук-саясый абал курчуп, терең экономикалык кризиске кептелип, өз элинин нааразычылыгы күчөп баратканда провокацияга барып болсо дагы, сырттан басып келген, аймактык бүтүндүккө шек келтирген тышкы душман таап, ошол коркунучтун алдында элдин назарын башка олуттуу маселеге буруп, “баарын унутуп, улуттун кызыкчылыгын коргойлу” деген жүйөө менен өзүн жападан жалгыз коргоочу катары көрсөтүп, бийликти чеңгелине кармап, режимин сактап калган учурларды азыр да көрүп жатабыз.

Муну менен 2021-жылдагы кандуу Баткен окуяларын эстен чыгарбоону, азыр да кыраакы болуп, тийешелүү мекемелер, аскерлер, чек ара жана атайын кызматыбыз даярдыкта турсак, талапка жооп берерлик демекчимин. Азыркыдай кырдаалда Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон ЖККУ (ОДКБ) уюмун тажик жетекчилиги өз ыңгайына пайдалануу азгырыгы болушу мүмкүн. Бадахшандагы нааразычылыктарды басууда тажик бийлиги “контртеррористтик операция” жүргүзүлгөнүн бетке карманган.

Жакында Москвада өткөн ЖККУ саммитинде да Рахмон Ооганстандан келчү террористтик коркунучтарды айтып кеткен болчу. Ал эми Тоолуу Бадахшан Ооганстан менен узун тилке чек ара аркылуу байланышканын эске алсак, чек аранын эки тарабында тең террористтик, экстремисттик топтор менен күрөшүү зарылчылыгы келип чыккан жүйөөсү Дүйшөмбү бийлигине кыйынчылыкка турбаса керек. Кененирээк алганда, Тоолуу Бадахшандагы абал Кыргызстан үчүн кээ бир коопсуздук боюнча тобокелчиликтерди пайда кылышы мүмкүн.

Бул аймактын Ооганстандагы Бадахшан провинциясы менен чектешерин жана бул жерде кээ бир экстремисттик, террористтик деп эсептелген куралдуу топтордун бар экенин, алардын Борбор Азияга карай кирип келүү ойлору жана провокациялык аракеттерин эске алышыбыз керек. Акыркы бир-эки айдын ичинде эле Ооганстан тараптан Өзбекстандын Термез тарабына бир жолу, Тажикстандын Хатлон облусу жана Тоолуу Бадахшан тарабына эки жолу ок атуусу орун алган.

Негизи азыркы кырдаалга үчүнчү күчтөр, кээ бир таасир талашкан өлкөлөрдүн атайын кызматтары да кызыкдар болушу толук мүмкүн, айрыкча учурда ааламда болуп жаткан чукул өзгөрүүлөр, дүйнөлүк жана аймактык державалардын ортосунда карама-каршылыктар жана альянстарды түзүүлөр, кылдай ичке геосаясый оюндар жүрүп жатышы буга күбө.

- Көп маалымат ачыкталбай, белгисиз бойдон калууда. Чынында абал кандай деген пикирдесиз?

- Азыркы Тоолуу Бадахшанда болуп жаткан абал тууралуу жеткиликтүү, толук маалымат таркалбай жатышы Тажикстанда өкүм сүргөн цензура, катаал чектөөлөргө да байланыштуу. Бул себептен көптөгөн маалымат каражаттары саясый маселелер, коомдогу чыңалуу, элдин нааразычылыктарын, митингдер тууралуу чагылдыра албай келишет. Ал эми Тоолуу Бадахшанда жарым жылдан бери интернет өчүрүлүп, эми гана берилгенде Хорогдо абал курчуп, кайра чектелип калды.

Муну менен тажик борбордук бийлиги мамлекеттик пропаганданын үстөмдүгүн сактап, жалпы элге өзүнө гана ыңгайлуу маалыматты берип турууга өтүп алганын көрсөк болот. Себеби, акыркы жылдары Тажикстанда Бадахшандан тышкары бир да аймакта нааразылыктар болгонун, элдердин митингге чыгышын байкай албайбыз жана мындай нерселердин жугуштуу болуп, элге шык берип, козутуусунун алдын алып жатканы деп белгилесек болот. Бирок азыр XXI кылым, технологиянын, интернеттин заманы эмеспи, Бадахшандагы окуялар баары бир маалымат каналдары аркылуу чыгып жатат.

Белгилеп кетчү жагдай, бул жолку коомдук-саясый кризис, митингчилердин, Мамадбокир Мамадбокировдун атылып өлтүрүлүшү тууралуу Улуу Британиянын “Гардиан” гезитинде, Ирактын, Ирандын дагы маалымат каражаттарында чагылдырылышы. Бул эки Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө бадахшандыктар сыяктуу исламдын шииттер агымы олуттуу болуп, ушул себептен жан тарткандыгы байкалбай койбойт. Дагы бир мисал, М.Мамадбокировдун каза болушуна Иранда өзгөчө таасирге ээ “Ислам революциясынын сакчылар корпусу” (КСИР) реакция кылып, аны шейит аташты.

- Бадахшандагы абалга дүйнө кандай көңүл бурууда? Рахмондун аракети элге кандай таасир калтырууда? 

- Тоолуу Бадахшандагы абалга БУУнун башкы катчысы, АКШнын, Евробиримдиктин өкүлдөрү, исмаилиттердин падышасы Ага-Хан IV да терең кооптонууларын белгилеп, абалды турукташтырууга, тынчтык жолу менен чечүүгө үндөп чыгышты. Ал арада Россиянын Рахмондун борбордук бийлигине ыктаган расмий позициясы бадахшандыктардын шаабайын суутуп, көңүлдөрүн түшүрүп өкүнткөн маанайга түртүп отурат.

Себеби бадахшандыктардын Россияга, анын Рахмондун бийлигин тынчтыкка, жумшак кадамдарга чакырарына үмүтү, ишеними зор болчу. Ошол эле учурда Тоолуу Бадахшанда, деги эле Тажикстанда Кытайдын да таасири күчтүү болуп, расмий бийлик менен мамилеси жылуу болгону менен бадахшандыктардын бул мамилелерден кай бир кооптонуулары туулуп жатканын да айтып кетсек болот.

“Дүйнөнүн чатыры” аталган Памир тоолорунун кучагында жаткан Тоолуу Бадахшан аймагы эзелтен дүйнөлүк ири державалардын назарында, кызыгуусунда болуп жана ушуга байланыштуу алардын ачык да, тымызын да талашууларына түшүп келгени тарыхый факт. Менимче, акыркы жылдары ааламда болуп жаткан абдан терең кеткен бурулуштар, эртеби-кечпи Борбор Азияда орун алып, анын ичинде Памир тоолорунда да кызыктуу, орчундуу окуялар болушу күтүлгөн нерсе.

Азыркы Тоолуу Бадахшандагы окуялар мына ошолордун эпкини. А биз, кыргыздар Памир тоолоруна түздөн-түз тийешебиз болуп келип (Ооганстандагы Вахан тарабында, Кытайдагы Кызыл-Суунун Ак-Тоо ооданында, Тажикстандагы Мургабда, өзүбүздөгү Чоң-Алай, Алайда), азыркы оомал-төкмөл дүйнөдө, жакынкы келечекте канаттууларга кагылбай, тумшуктууларга чокулбай, өзгөлөргө жем болбой, өз ордубузду туура таап, ыңгайлуу жайгашуубуздан пайда көрүп, бутка бекем турган дөөлөт курсак (!) деп тилейм.

Булак: Азия News гезити

Последние новости