www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы ажылык сапар учурунда Түркмөнстандан барган 18 зыяратчы каза болгон. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлады.

"Ушул күндөрү Сауд Арабиясына ажылыкка кеткен жарандар кайтып келүүдө. Биздин мекендештер ажылык учурунда 18 түркмөнстандык каза болгонун айтып жатышат. Алар ажылык учурунда көз жумган башка зыяратчылардай эле Сауд Арабиясындагы күндүн ашкере ысышынан улам өлгөн", – деди булактардын бири.

Быйылкы ажылык сапар учурунда Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларында өзгөчө ысык болуп, жүздөгөн зыяратчы көз жумган.

23-июнда Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги быйылкы ажылык сапар учурунда 1 300дөн ашык зыяратчы каза болгонун билдирген. Болжол менен алардын 83 пайызын ажылыкка өз алдынча аттанып, алыс аралыкты жөө басып өтүүгө аракет кылгандар түзгөн.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы быйыл Түркмөнстанда өз каражатына ажылык сапарга барган зыяратчылар көп болгонун кабарлоодо.

Түркмөнстан жыл сайын белгилүү бир сандагы жарандарын мамлекеттин эсебинен ажылыкка жөнөтүп келет. Быйыл "Түркмөнховаёллары" агенттигине 10-июндан 9-июлга чейин өз эсебинен 289 түркмөн зыяратчысын Сауд Арабиясына жеткирип, кайра алып келүү тапшырылган.

Последние новости