www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-спикер, учурдагы ЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун иш кабинетине фракция жетекчилери чогулуп калат. Асылбек Жээнбеков «Ата-Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго суроо салат:

-Эки жерде эки канча? – деп.

-Үч! - дейт Алмамбет Шыкмаматов.

-Сиз абдан сарамжалдуу тырыш, таштырмак экенсиз, сиз экономика жана бюджет жаатын көздөңүз. - дейт.

«РАЖ» фракциясынын жетекчиси Жыргалбек Турускуловго суроо салат:

-Эки жерде эки канча? –деп.

-Төрт!- дейт Жыргалбек Турускулов.

-Сиз  акылдуу экенсиз, илим, билим жаатын көздөңүз.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевге суроо салат:

-Эки жерде эки канча? –деп.

-Беш!- дейт.

-Сиз абдан берешен экенсиз, сиз элге трактор таратыңыз.

СДПК фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркуловго суроо салат:

-Эки жерде эки канча? –деп.

-Сиз канча десеңиз ошончо! - дейт Өмүркулов.

-Во! Накта коррупцияга каршы күрөшө тургандар ушулар! – деп баш бармагын көрсөтүптүр Асылбек Жээнбеков.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости