www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык өнүгүү боюнча министрдин мурдагы орун басары, «Бир бол» фракциясынын экс-депутаты, сулуулардын сулуусу Лунара Мамытова былтыр пенсияга 200 сом кошулганда  пенсионерлер эми чет мамлекетке барып саякаттап жүргүлө деп, 200 сомду аябай барктаган.

Муну уккан Түркия:

-Кыргыз пенсионерлери бизге келип күнгө күйүп кеткиле! –дейт имиш.

Анда Франция:

-Кыргыз пенсионерлери бизге келип сүрөткө түшүп кеткиле!- дейт.

Канар аралдары:

-Кыргыз пенсионерлери бизге келип көңүл ачып кеткиле!- дейт имиш.

Анда кыргыз пенсионерлеринин ПЕНСИЯсы:

-Көчүгүңдү кысып Кыргызстанда отур, ал жакка барсаң ач талаада каласың, фантазёр. –дейт имиш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости