www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев парламентте Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун 1-окууда каралып жаткан учурда дааваттын башка дин агымдарындагы үгүт иштеринен өзгөчөлүктөрү бар экендигине басым жасап, анын ички эрежелерине токтолгон.

 “Дааваттын өзүнүн ички эрежелери бар. Анда эч ким бирөө-жарымдын үйүнө кирип алып үгүт иштерин жүргүзбөйт. Алар эшикте турушат, үйдө эркек киши болсо, анда да ал сүйлөшөм десе сүйлөшөт. Үйдө эркек киши болбосо “саат ушунчада мечитте баян болот, убактысы болсо өтүп барса жакшы болот эле” деп гана айтып койгон эрежелер бар. Бизге – коомчулукка коопсуздук, тынчтыкка келе турган нерседен тескерисинче, силер кайра ага жолтоо болчу мыйзамды сунуштап жатасыңар”, -деген анда депутат Дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчисине кайрылып.

 

Последние новости