www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эл үнү" саясий-коомдук кыймылынын демилгеси менен Аксы районунун Кара-Суу айылдында (Аксы окуясына арнап салынган музейдин жанында) Аксы окуясынын 15 жылдыгына байланыштуу эскерүү жыйыны болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта  NazarNews.kg маалымат агенттигине УОКтун мүчөсү Азимбек Бекназаров билдирди.

“Аталган жыйынга Кыргызстандын бийлик бутактарындагы аттуу-баштуулар, саясий партиялар чакырылат. Андан сырткары бийлик менен сүйлөшүлүп, Аксы окуясынын 15 жылдыгы боюнча эскерүү жыйындарын өлкөбүздүн башка аймактарында, борбор шаарыбыз Бишкекте да өткөрүү пландаштырылууда”,  деп кошумчалады Азимбек Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости